Тиркеме № 1
Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн аткарган иштеринин
о т ч е т у.
“Жаңы китеп” мекемеси боюнча:
2021-2022-окуу жылынан баштап “Жаңы китеп” мекемеси менен иштешип келе жатабыз. Жалал-Абад областы боюнча “Жаңы китеп” мекемесинин адистери менен биргеликте ватсап группа ачылган. Бул группада шаардык билим берүү бөлүмүнөн китеп боюнча усулчусу жана мектептердин 5 китепканачысы бар. Китеп боюнча маселелер жаралса группага жазып, жоопторун ала алышат.
Буга чейин ар бир китепканачы жыл сайын кагаз жүзүндө Д-10 отчетун тапшырышчу. Ал эми 2022-2023-окуу жылынан баштап “Жаңы китеп” мекемесинде ар бир китепканачыга жеке кабинет ачылган, алар отчетторун, китептерди таркатуу, кабыл алуу, иш чараларын жеке кабинеттеринен жасашат.Бардык документтер электрондук түрдө болуп калды десек болот.
Жаңы чыккан китептер боюнча:
9-класстардын окуучуларына “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаңы киргендиктен окуу китеби келгенче мугалимдерге курстар окутулуп, колдонмо берилген. Колдонмонун негизинде мугалимдер окуучуларга предметти окутуп келишкен.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерге 160 даана окуу китеби, мугалимдер үчүн 10 даана усулдук колдонмо, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке 40 даана окуу китептери, мугалимдерге 2 усулдук колдонмо мектептерге берилген.
USAID “Окуу керемет!” долбоору тарабынан келген башталгыч класстардын мугалимдерине математика боюнча 6-10-модулдар жана математикалык сандыкчалар мектептерге берилди.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер:
Жыл сайын окуу жылынын башында мектептердин социалдык педагогдору тарабынан социалдык абалдагы балдар такталат.
2022-2023-окуу жылында мүнкүнчүлүгү чектелген окуучулар – 22. Үйдөн билим алган окуучулар – 5. Алар №3-мектепте – 1, №4-мектепте - 2, 6-мектепте 2- окуучу.Үйдөн билим алган окуучуларга мугалимдер барып, сабактарын өтүп турушат. Ал эми социалдык педагогдор ай сайын ал балдардын жашоо-шартынан класс жетекчиси менен биргеликте кабар алып турушат.
“Мектеп лигасы” боюнча:
2022-2023-окуу жылындагы “Мектеп лигасына” 5 мектептен 5 төмөнкү топтор катталышты:
№
|
Мектептин аталышы
|
Топтун аты
|
Спорттун түрү
|
1
|
№1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби
|
“Раззаков” тобу
|
Шахмат
|
2
|
№2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы
|
“Жаңыл Мырза” кыздар тобу
|
Воллейбол
|
3
|
№3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби
|
“Алга” балдар тобу
|
Воллейбол
|
4
|
№4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби
|
“Кыз Сайкал” кыздар тобу
|
Воллейбол
|
5
|
№6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектеби
|
“Жалын КЖ” кыздар тобу
|
Воллейбол
|
Лиганын шаардык туру өткөрүлүп, женишке ээ болгон:
1.
|
№3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби
|
“Алга” балдар тобу
|
Воллейбол
|
2
|
№2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы
|
“Жаңыл Мырза” кыздар тобу
|
Воллейбол
|
3
|
№1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби
|
“Раззаков” тобу
|
Шахмат
|
топтор райондук турга катышышып, райондук турда спорттун шахмат түрү боюнча №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин “Раззаков” тобу 3-орунга
ээ болду.
2023-жылдын 25-февралында өткөрүлгөн райондук турга шаардык мэрия тарабынан 5000 сом акча каражаты бөлүндү.
Категорияларды жогорулатуу боюнча:
Жалпы билим берүүчү уюмдарда эмгектенген мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячыларга категорияларын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Өз каалоосу менен жетекчилер, мугалимдер жана тарбиячылар категорияларын жогорулатам десе, арызынын негизинде аттестациядан өткөрүлөт. Берилген категориянын негизинде айлык акысына кошумча төлөм төлөнөт.
Жетишпеген кадрлар боюнча:
Шаарыбыздагы №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине орус тилдүү кадрлардын жоктугунан, акыркы 3 жылдын аралыгында химик мугалими жок болуп келди. Жыл сайын Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин жыйындар залында кадрларды бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлөт. Эң өкүнүчтүүсү орус тилдүү мектепке керек химик мугалимдер такыр жок болуп келет.
2022-2023-окуу жылында бул мектепте кадрлар жетиштүү.
Предметтик олимпиада боюнча:
Жалпы билим берүүчү мектептеринде өткөрүлгөн шаардык олимпиадага жалпы 139 окуучу катышып, алардын ичинен 22 окуучу байгелуу орундарга ээ
болушуп, областтык олимпиадага катышышты. Областтык олимпиадада №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада химия предметинен 3-орунга ээ болуп, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды.
“Алтын тамга” боюнча:
Алтын тамгага 5 мектептен 7 талапкер катышкан. Алардын арасынан №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада “Алтын тамгага” татыктуу болду.
ОРТ боюнча:
2022-жылдагы ОРТ дан жогорку жана төмөнкү балл алган мектептер боюнча маалымат.
№
|
Район, шаар
|
ОРТдан эң жогорку балл алган мектептердин аталышы, орточо баллы
|
ОРТдан эң төмөн балл алган мектептердин аталышы, орточо балл
|
1.
|
Көк-Жангак
|
- №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы
138 %
- №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби
137,7%
- №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби
129 %
- Кечки мектеби
123%
|
- №4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби
104,4%
- №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектеби
110 %
|
№
|
Мектептин аталышы
|
2022-жылы жалпы бүтүрүүчүлөр
дүн саны
|
ЖРТ (ОРТ) катышкан бүтүрүүчүлөр
дүн саны
|
110 баллга чейинки балл алгандар дын саны
|
110 баллдан жогору
балл алгандардын саны
|
1
|
№1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби
|
7
|
3
|
0
|
3
|
2
|
№2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы
|
22
|
5
|
1
|
4
|
3
|
№3 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби
|
22
|
4
|
0
|
4
|
4
|
№4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби
|
28
|
7
|
5
|
2
|
5
|
№6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектеби
|
15
|
5
|
3
|
2
|
6
|
Кечки мектеп
|
55
|
9
|
2
|
7
|
Жалпы шаар боюнча:
|
149
|
33
|
11
|
21
|
Шаар боюнча жалпы көрсөткүч 121,5 түздү.
Эң жогорку балл – 205 балл 1 окуучу. №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада
Иш кагаздарын аткарууда Жарлыктарды ишке ашыруу боюнча:
Жарлыктардын негизинде жалпы билим берүү уюмдарына буйруктар,каттар иш-чаралары менен жиберилүүдө жана иш аракеттер аткарылууда.
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча:
9-класстарга “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаңы киргизилгендиктен, предметти окутуудан мурда “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинен сабак өтүүчү 5 мугалимдин документтери жыйналып, ар биринин документи өзүнчө папкага салынып, Сузак райондук коопсуздук комитетине жана Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө текшерүүгө жөнөтүлдү. Документтер жөнөтүлгөн органдардан предметти өтүүгө уруксат каты келгенден кийин мугалимдер Жалал-Абад шаарына 5 күндүк семинарга барышты.
Учурда бул предметтен семинардан өткөн мугалимдер сабак өтүшүүдө. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдердин сабактарын өтүлүшүнө визиттер жүргүзүлдү.
Мугалимдердин потенциалын өркүндөтүү боюнча (тажрыйба алмагуу, насаатчылык, семинарлар):
Мектептер арасында PISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө карата №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Сартбаева Мээрим эжеке кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин математика мугалими Алиева Алмакан эжеке математика, информатика, физика предметтеринин мугалимдерине, №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин биология мугалими Машаева Гүльбарчын эжеке биология, химия, гоеграфия, химия, тарых предметтеринин мугалимдерине семинарларды өтүштү.
PISA-2025 программасы боюнча координациялык кеңеш түзүлүп, кеңеш 3 багыт боюнча иш алып барат.
“Окуу керемети!” долбоору менен биргеликте шаардагы 5 мектепте башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында тажрыйба алмашуу максатында 2022-жылдын ноябрь айында №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде “Чыныгы турмуштук кырдаалдардагы маселелерди чыгарууда көбөйтүү жана бөлүүнү пайдалануу”, декабрь айында №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында “Чыныгы турмуштук кырдаалда кошуу жана кемитүү”, 2023-жылдын январь айында №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинде “Прогресс развитии навыков по теме: Алгоритм сложения и воспитания”, февраль айында №6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинде “Көлөм бирдиктери боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс”, №4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде “Салмак жана аны өлчөө” –деген темаларда математика предметинен зоналдык семинарлар болду. Семинарга “Окуу керемет!” долбоорунан координаторлор келип катышып, окуучуларга долбоордун китептеринен белекке беришти.
Электрондук кезек боюнча:
2023-жылдын 10-апрелинен баштап 1-класстын окуучуларын каттоо башталды. Балдарды каттоодо ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жардамдар берилүүдө.
Кыска мөөнөттүү балдар бакчалары боюнча:
Шаарда 2 кыска мөөнөттүү балдар бакчаларын ачуу пландаштырылган. Быйылкы жылы бул бакчалардын ремонттоо иштери башталат.
Ысык-тамак боюнча:
Шаардагы 4 мектеп ысык тамакка кирген. Азыркы учурда №2, №4,
№6-мектептер ата-энелердин жардамы жана республикалык бюджеттен берилген 7 сомдун тегерегинде тамактанышат.
2022-2023-окуу жылынан баштап №1-мектеп да балдарга ысык тамак бере баштады. 3 мектепте Мерсико тарабынан көчөттөр эгилип, алынган түшүмдөрүнөн балдарга кампоттор жасалат жана алмалар берилет.
Көк-Жаңгак шаардык билим
берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сейдакматова С.М.
|