Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:35 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Сентябрь » 9 » 30/1 токтомддун тиркемеси
8:25 AM
30/1 токтомддун тиркемеси

Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча

Жалпы билим берүүчү мектептердин инфраструктурасы боюнча: шаарда 5 мектеп, 5 балдар бакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Имараттары типтүү.

Кадр маселеси:

- мугалимдер 118 : алардын ичинен эркекетер-18, аялдар-100; жогорку- 92, бүтпөгөн жогорку- 3, атайын орто- 22, орто-1.

- пенсионерлер- 38 адам;

- Эл агартуунун отличниги- 33 адам;

- жаш адистер- 23 адам;

- жетишпеген кадрлар-5

- балдар чыгармачылык борборунда 16 ийрим бар, 270 окуучу окушат;

Жетишпеген педкадрлар: орус тилдүү мектеп үчүн химия, биология, англис тили, башталгыч класстын мугалими. Кыргыз тилдүү мектептер үчүн: математика, физика, музыка мугалимдери.

 

 

Балдар бакчалары боюнча:

-балдар бакчалары- 5, тарбиячылар- 22: жогорку билимдүүлөр- 12, бүтпөгөн жогорку- 0, атайын орто- 9, орто-1. Тарбиялануучулар- 525 бала;

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 12мугалим Жалал-Абад шаарындагы методикалык борбордон курстан өтүштү.

Окуучуларга анализ жүргүзгөндө тоголок жетимдер-4, жарым жетимдер-120, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары- 53, майып балдар- 11, мигранттардын балдары- 455 окуучу.

Көк-Жангак шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 2018-2019 окуу жылында 01.01.2019 жылга карата:

 

Билим сапаты

2018-2019 окуу жылында 80 класс комплект менен 1965 окуучу окуйт: 1-чейректе 241 «отличник», 416«ударник»; билим сапаты 45,49% түздү(2040 окуучу).2-чейректе 246 «отличник», 403 «ударник»; билим сапаты 45,2% түздү(2019 окуучу).

Шаардык олимпиада 12 предмет боюнча өттү. Шаардагы олимпиаданын 1-туруна мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасынан 70 окуучу катышты. 2019-жылдын февраль айында өтүүчү областтык олимпиадага 10 окуучу жолдомо алышты.

 

Шашке тамак

Шаардагы 5 мектептин ичинен 3 мектеп ал аралык Мерсико уюмунун «Ысык тамак менен окуучуларды камсыздоо» долбооруна кирип, 01.10.2018 жылдан тартып 1-4 класстардын окуучуларына ысык таамк берилип жатат: №2 А. С. Макаренко инновациялык мектеп-гимназиясы, №4 Ю. А. Гагарин жана №6 М. В. Ломоносов орто мектептери.

Маданият тармагы боюнча

Афган согушунун катышуучуларынын күнүнө карата борборлоштурулган китепканада сый тамак уюштурулду, шаардык мэриянын залында салтанаттуу азем жана майрамдык концерт уюштурулду.

  • коргоочулардын күнүнө карата №4 Ю. А. Гагарин о-м спорт залында «Эр жигит» аттуу кароо-сынак болуп, аталган мектептин командасы баш байгеге ээ болду. Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Аял зат- асыл зат» аттуу майрамдык кече Искусство мектебинде болуп өттү. Нооруз майрамына карата театрлаштырылган оюн-зоок программасы шаардын борбордук аянтында уюштурулду.

Конституция күнүнө карата Искусство мектебинде маданият бөлүмүнө караштуу мекемелердин кызматкерлери, ата- энелердин катышуусунда чогулуш болуп өттү. Акырында окуучулар концерт коюп беришти.

Жеёиш күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар шаардык мэриянын жетекчилиги алдында даярдалып, өткөрүлдү. Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ооруктун эмгекчилерине жана жесирлерге арналып сый-тамак уюштурулду.

Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү демөөрчүлөрдүн жардамы менен жогорку денгээлде өттү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Шахтерлор күнү борбордук паркта театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолуп өттү.

Көк-Жаңгак шаарынын 75 жылдыгы 22.09.2018 жылы областтык денгээлде жогорку даражада белгиленди. Шаардын мурун иштеп кеткен жетекчилери, маданият кызматкерлери келишти. Спорттун түрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Карылардун күнү, мугалимдердин, энергетиктердин жана маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Жаны жылдык бал –маскарад оюн-зооктор менен коштолгон программады жогорку даражада өттү.

 

 

 

Статистика жана экономика аткарылган иштер боюнча

 

Өнөр жай

2018-жылда өнөр жай боюнча 19109,3 миң сом продукция өндүрүлдү

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырмалуу баада 102,1% өстү жана 395,9 миң сом көп өндүрүлдү. Анын ичинде ОсОО “Горное Богадства” 16560тонна -167,3%+664тонна өндүрүлдү.

ХРУ “Шар-Булак” 111,2% +107,5 миң сомго көп элге суу камсыздандырылды.

АО “Жетиген” 2018-жылда 42,1 миң сом өнөр жай продукция чыгарылды.

Элге кызмат кылуу

Элге кызмат кылуу боюнча 2018-жылда 39750,0 миң сомго аткарылды.2017-жылга карата салыштырмалуу баада 106,1% +2275,0 миң сомго көп элге кызмат көрсөтүлдү.

Искусство мектеби 110,5% +17,5 миң сом, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 112,6% +440,0 миң сомго аткарылды

Айыл чарба

Шаар боюнча 2018-жылдын 12-айында эт өндүрүү 357 тоннага жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 1 тонна көп өндүрүлүп же 100,3% аткарылды

Сүт өндүрүү 2112,0 тоннага жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 100,4% жетип же 8 тоннага көп өндүрүлдү.

Жумуртка 2018-жылдын январь, декабрь айларында 383,0 миң даана өндүрүлүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5000,0 даана көп өндүрүлүп же101,3 % түздү.

Жүк ташуу шаар боюнча 2018-жылдын 12-айында 29,6 миң тонна жүк ташылып, 130,0 % аткарылды.

Жүргүнчүлөрдү ташуу

Шаар боюнча 2018-жылдын январь, декабрь айларында 2218,0 миң жүргүнчү /км түзүп өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 160,0 жүргүнчү/ км өсүү темпи 102,3% түздү.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак

шаарынын мэри: У. Исмаилов

 

 

Просмотров: 176 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Сентябрь 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0