Спорт тармагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017 ж.ж. карата Программасын аткаруу боюнча Көк-Жангак шаардык мэриясы тарабынан 2018 жылы төмөндөгүлөр аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017 ж.ж. карата Программасын аткаруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы 2018-жылга карата төмөндөгүлөр аткарылды.
«Көк-Жангак кыймылы» коомдук бирикмеси аркылуу борбордук стадиондогу көрүүчүлөр үчүн отургучтарды ондоп жана үстүн жабуу иштери 2017- жылдын апрель айында башталып, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылуу аземи болуп өттү. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр отурган жери ремонттолуп, шарттар түзүлдү. Ошондой эле, стадиондун айланасына тосмо орнотулду.
№6 М. В. Ломоносов орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан мини- футбол спорт аянтчасы курулуп, 630,0 миё сом жана 16,0 миң Америка доллары сарпталган. Бир гана мектеп окуучулары үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүлбөстөн, шаардын тургундарына дагы спортко кызыгып, сергек жашоосуна өбөлгө түзүлдү. Келечек муундар жана жалпы тургундар үчүн спорт менен машыгууга курулган спорт аятчасы- шаардын жетишкендиги болуп эсептелет.
Ушул эле мектептин мурунку устаканасынын авариялык имараты оңдолуп, спорт менен машыгууга зал уюштурулуп, спорт чебери Ж. Каиповдун ысмы берилди. Демөөрчүлөр тарабынан 360,0 м.с. сарпталды, ачылуу аземи 2017-жылдын 01-сентябрында болуп өттү.
Шаарда ДЮСШ-1 жана ДЮСШ -2 иштеп, өспүрүмдөр бокс, футбол, грек-рим күрөшү менен машыгышат.
ДЮСШ-1 (Ермекбаев М. У.)футбол жана грек-рим күрөшү боюнча ийримдер иштеп жатат. 19 группада 142 окуучу спорт менен машыгууда. 8 тренер эмгектенет: 5 тренер грек-рим күрөшү боюнча, 3 тренер футбол боюнча тайпаларда машыгууларды жүргүзүшөт.
- жылы Ош шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде 12 спортчу катышты. 48 кг салмакта 2-орунду Алтынбек уулу Бекзат ээледи. 45 кг 3-орунду Маратбек уулу Искендер, 30 кг 3-орунду Кимсанов Нуржигит ээлешти.
ДЮСШ- 2 (Рыскулов Б. Д.) спортчулары дагы көптөгөн турнирлерге катышып келишет. 8 тренер 16 группада 222 баланы грек-рим күрөшү жана бокс менен машыктырышат.
Балыкчы шаарында өспүрүмдөрдүн арасында бокс боюнча өткөн эл аралык турнирде 12 спортчу катышып, 1 спортчу 3-орунду ээледи.
Каракол шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген тренери Б. Сабатаровдун призине карата өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 12 спортчу катышып, 1-орунду 1 спортчу, 2-орунду 4 спортчу, 3-орунду 1 спортчу ээледи.
Балыкчы шаарында Эл аралык класстагы спорт чебери К. Апельбаевдин призине карата өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 10 спортчу катышып, 1 спортчу 2-орунду, 4 спортчу бала 3-орунду ээлешти.
Чолпон –Ата шаарында ден-соолукту чыңдоочу республикалык сбордо ДЮСШ-2 тарбиялануучулардан 25 спортчу бала катышып келди.
Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо максатында «Спорт- ден-соолуктун булагы» деген ураандын алдында мектептердин арасында футбол, волейбол, грек-рим күрөшү боюнча таймаштар, мелдештер уюштурулуп турат. 26-июнь Бүткүл дүйнөлүк баңгизаттаргка каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө мини-футбол боюнча турнирди абдан кызыктуу өткөрүштү. Андан сырткары, ДЮСШ-1,2 спортчулары райондук, областтык жана эл аралык турнирлерге катышып, байгелүү орундары алып келүүдө.
Саламаттыкты сактоо тармагы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стартегиясын» («Ден соолук-2020») №100 буйругун ишке ашыруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөндөгүлөрдү аткарды.
Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун «Ден соолук-2020» программасын аткаруу боюнча иш-чарасы иштелип чыгып, кабыл алынган жана 2018-жылга карата төмөндөгүлөрдү ишке ашырылды.
Диспансердик учетто жүрөк кан тамыры оорулары менен 490 жаран каттоого алынган. Жогорку кан басымы менен учетко алынгандар-416, алардын ичинен өтө оору-21 жаран. 18 жаштан жогорку курактагы артериалдык кан басымы текшерилгендердин саны -4112. Биринчи жолу жогорку артериалдык кан басымы аныкталгандарын саны-10 жаран. Инсульт болгондор-9 жаран. Жогорку кан басымы менен госпитализация болгондор-67 жаран. ЭКГ-1303 адам өткөрүлдү. Клиникалык эффектке жеткен өтө жогору кан басымы 8 жаранда аныкталды. ОМСтен жогору кан басымы учурунда 1234 дары-дармек жазылды, 28-/ДТ тарабынан-211 рецепт жазылды.
Эненин жана ымыркайдын ден-соолугу боюнча. 254 кош бойлуу аялдар учетко алынган. Йодид-калий препаратын алып жаткан кош бойлуу аялдардын саны-184, фолиевая кислотаны алып жаткандар- 254, канында темир заты аз кош бойлуу аялдардын саны-153 түзөт. Ошондой эле, 98 аял фолиевая кислотаны алып, бүгүнкү күндө ден соолугун оңдошту. Учетто турган 3 кош бойлуу аялдын кан басымы жогору. ВИЧ илдетин аныктоого 254 кош бойлуу аялдан кан анализге алынды. 475 аялга бойго бүтүрбөөчү контрацептивдер коюлду. 2018-жылы 229 бала төрөлдү, шаарда эненин жана баланын өлүмү жок.
Балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча. Шаарда жалпы 14 жашка чейинки балдардын саны 3686 түзөт. Анын ичинде, 1 жашка чейинкилер-254 баланы түзөт. Эмчек сүтү менен гана багылып жаткан балдардын саны-126. Түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмделген балдардын саны 1 жашка чейинкилер-225 түзсө, 1 жаштагылар- 226 түзөт. Анемия менен ооруган 14 жашка чейинки балдардын саны- 130 түзөт. Балдардын ъл\м\ 2 жолу болуп, алар Жалал-Абад шаарында катталды. Алар: Мамирова Сумая, 26.11.2017 ж.т. (тубаса ж\рък оорусу, сепсис) жана Таджибаева Айпери, 14.03.2018 ж.т. (ателектатикалык пневмония, ДН-4, ДВС синдрому).
5 жашка чейинки балдардын стационарда дарыланганы-548 баланы түзсө, алардын ичинен пневмония-221, ОРИ-286, диарея- 20, тубаса майыптыгы бар-4 бала.
Кургак учук боюнча. Жаңы төрөлгөн 229 баланын ичинен, 228 ымыркайга БЦЖ жасалды. Шаарда кургак учук илдетине кабылгандардын саны -12 жаранды түзөт, жаңы аныкталгандардын саны-6 жаран. Өпкөдөгү кургак учук- 8, өпкөдөн башка органдарда- 1. Алардын ичинен БК+ 1 жаран. Флюорографиядан өткөндөрдүн саны- 881 адам Кургак учуктун өтүп кеткен формасы катталган жок жана кургак учуктан өлгөн жаран дагы жок.
ВИЧ- инфекция боюнча. ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча 28-/ДТ дарыгрелери тарабынан 17 жолу лекция окулду, 94 жолу баарлашуу болуп өттү. Шаарда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны-5, алардын ичинен балдар-1. ВИЧ илдетине кабылган 3 жаран Көк-Жаңгак шаарында жашабайт. Шаардагы 2 жаран АРВ –терапиясын Жалал-Абад шаарында алып турушат. Ушул 2 жарандын бирөө Жалал-Абад шаарында такай жашайт, бирок Көк-Жаңгак шаарына катталып калган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стартегиясын» турмушка ашыруу дайыма көзөмөлдө турат.
|