Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-жылдын 12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган
отчету
Жергиликтүү салыктар боюнча
2018-жылдын 12-айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 6566,6 мин сом план чегерилип , жеткирилген тапшырма 6654,3 мин сомго аткарылып, пландан ашыкча 87,7 мин сом көп түштү, 101,3%га аткарылды.
Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча: -Милдеттүү салыгы жеткирилген план 14,0, аткарылды 18,6 мин сом же болбосо 132,9%
-Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 513,0 мин сом болсо, аткарылганы 654,6 мин сом, 127,6%-га аткарылды.
-Сатуудан алынган салык боюнча бекитилген план-тапшырма 276,0 мин сом болсо, аткарылганы 125,1 мин сомго,же болбосо 45,3%
-Роялти салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 8,0 мин сом болсо, аткарылганы 4,9 мин сом,же болбосо 61,3% түздү.
-Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 67,0 мин сом болсо, 69,8 мин сомго аткарылды, ашыкча 2,8 мин сомго көп түшкөн, 104,2% түздү.
-Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 770,0 мин сом болсо, аткарылганы 913,8 мин сом, ашыкча 143,8 мин сомго көп аткарылган, же 118,7% түздү.
-Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 50,0 мин сом болсо, аткарылганы 61,2 мин сом, 122,4%-га аткарылды.
-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма 115,0 мин сом болсо, аткарылганы 124,3 мин сом, 108,1% аткарылды.
-Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 552,0 мин сом болсо, аткарылганы 693,4 мин сом, ашыкча 141,4 мин сомго көп түшкөн, 125,6%-га аткарылды.
-Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 444,4 мин сом болсо, аткарылганы 511,3 мин сом,ашыкча 66,9 мин сомго коп болду ,115,1% түздү.
-Имараттардын жана башка курулушттардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 72,0 мин сом болсо, аткарылганы 100,4 мин сом болуп, 139,4% түздү.
-Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма 42,2 мин сом аткарылды 44,8 мин сомго,106,2% түздү
-Жаратылыш байлыктарын колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм-48,2 мин сом;
инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери
1. Көк-Жаңгак шаарынын 23-кварталдагы Советский көчөсүндөгү сел сайды жалпы узундугу150 метр аралыгын механикалык жол менен тазалоо иштери СПЛМ аркылуу жүргүзүлдү
2.Көк-Жаңгак-Маркай автоунаа жолунун селден жана жер көчкүдөн жабыркаган участкаларын калыбына келтирүү боюнча СПЛМ аркылуу иштери жүргүзүлдү.
3.Көк-Жаңгак шаарына кире беришиндеги Көк-Жаңгак жазуусун оңдоп-түзөө иштерине,жаштар коому тарабынан 130миң сом акча каражаты сарпталып, толугу менен аткарылды.
4.Шаардын кире беришиндеги көпүрөдөн баштап борбордук базарга чейин Октябрьский көчөсүнө 640 метр асфальт төшөө иштерине 2662000 сомго келишим түзүлүп,жумуш аягына чыкты..
5.Шаардагы интернациональный көчүсүнө1200 метрге түнкү жарыктандыруу иштерине 35,0 мин сом акча каражатын демөөрчүлөр тарабынан бөлүнүп, жумуш толугу менен аткарылды.
6.23-кварталында Советский көчөсүнө 220 метр дренаждык канал СПЛМ проектиси аркылуу жүргүзүлдү.
7.Көлмө кварталында сибир кулгунасы жана жөө адам өтүүчү көпүрө СПЛМ проектиси аркылуу Коргон-Таш сайынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү
8.Шаардагы Октябрь көчөсүндөгү №45 көп кабаттуу үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн 800.0 миң сом акча каражаты демөөрчүлөр тарабынан сарпталып, чатыры толугу менен алмаштырылды.
9.Кооптуу аймакта жашаган 3 (үч) үй бүлөгө жер тилкеси бөлүнүп берилди.
10. Шаар ичиндеги жолдорго жол белгилерин орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 80.0миң сом акча каражаты бөлүнүп,18 даана жол белгилери орнотулду.
11.Октябрь көчөсүндөгү борбордук базардын жанына жергиликтүү бюджеттен 112.9 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 100 метр аралыкка лоток орнотулду.
12.Шаар ичиндеги жолдоруна жергиликтүү бюджеттен 59.4 миң сом акча каражаты бөлүнүп Атаханов, Ленина, Спутник, көчөлөрүнө асфальт менен жамоо иштери жүргүзүлдү.
13.Шаар ичиндеги чуңкурларды жамоо иштерин 20.0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, жамоо иштери жүргүзүлдү.
14.№1 “Радуга” балдар бакчасына демөөрчүлөр тарабынан 40.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, өрт коопсуздугунан сактануу үчүн кошумча тепкич курулду.
15.Төрөт үйүнүн жана хирургия бөлүмүнө суу суу кампа жана душ кабиналар курууга демөөрчүлөр тарабынан 60.0 миң сом акча каражаты каралып, жумуш аягына чыкты.
16.Терапия бөлүмүнө суу чыгарууга демөөрчүлөр тарабынан 94.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп,суу толугу менен чыгарылды.
17.Төрөт үйүнүн чатырын алаштурууга ФОР-339,0миң,жер. бюд.44.0миң,КРӨКМ -30.0миң сом акча каражаты бөлүнүп,жалпысынан 413 миң сом акча каражаты сарпталып чатыры толугу менен алмаштырылды.
18.Шаардагы“Көлмө”кварталындагы”Ленин”көчөсүнө,”Черемушки” кварталындагы Комсомол көчөсүнө жана 23-кварталындагы Артык Ажы көчөлөрүнө жаштар коому тарабынан түнкү жарыктандыруу орнотулду.
19. Жеке ишкер Э.Мурзалиев тарабынан 200.0 миң сом акча каражаты сарпталып, кичи цех курулду.
20.40-кварталындагы темир жол астындагы көпүрөдөн жергиликтүү бюджеттен 20.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Көлмө кварталына сугат суу чыгарылды.
21.Шаардагы №4 Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин отканасын оңдоого жана терезе, эшиктерин жаңылоого Руслан Жумабаев жана 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 300,0миң сом акча каражаты сарпталды.
22. А.С Макаренко атындагы №2 инновациялык мектеп гимназиясына 1-4 класска чейин ысык тамак берүү үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 60,0 миң сом Жалпысынан 444,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
23.Ю.А Гагарин атындагы №4 орто мектебинин 1-4 класска чейин ысык тамак уюштурууга үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 70,0 миң сом Жалпысынан 454 миң сом акча каражаты сарпталды.
24.М.В Ломоносов атындагы орто мекебинин 1-4 класска чейин ысык тамак берүү үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 55,0 миң сом Жалпысынан 439,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
25.Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин короосуна 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 100,0 миң сом акча каражаты сарпталып асфальт төшөө жана эки темир эшик орнотулду.
26. Эркин Сарбашов тарабынан 141,6 миң сом акча каражаты сарпталып, шаарга таштанды таштоо үчүн 24 даана контейнер алынып келинди.
27.М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектебинин терезелерин оңдоого 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 200,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Социалдык өнүгүү башкармалыгы
2018- жылдын башынан тартып Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан экономикалык-социалдык өнүгүү тармактарында, жалпы элибиздин социалдык жактан камсыздоо, турмуш денгээлин жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу багыттарында бир топ уюштуруучулук иштерди алып барды.
01.01.2019 жылга карата жалпы кожолуктун саны 2350 түзүп, калктын саны-11581 адамды түзөт. Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 328, же 13,95% түзөт. Бардыгы жакыр үй- бүлөлөрдүн саны -361, же 15,36% түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пул алуучулар 12 айга 328 үй-бүлөдө 1176 баланы түзүп, 13165,3м.с. төлөндү. Социалдык жөлөк пул алуучулар 209 адамды түзуп, 6 млн 445,0 м.с. төлөндү. Компенсация алгандар 77 адамга 77,0 м.с. түздү.
Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына карата 6 адамга ЖБ 11,220 м.с. каражаты бөлүндү. Анын ичинде Сузак районунда уюштурулган сый тамакка 5,2 м.с. жана акчалай түрүндө 6,0 м.с.
Социалдык адилеттүүлүктү н бир айлыгынын алкагында ДМЧА 1-топтогу майып 8 адамга 4,8 м.с. азык-түлүк продуктылары берилди.
Чернобыль апаатынын 3 катышуучусуна 6,0 м.с. ЖБ бөлүнүп берилди.
Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө ЖБ 34,5 м.с. бөлүнүп, 69 Баатыр энелерге баалуу белектер тапшырылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 73 жылдыгына карата 6 а дамга материалдык жардам көрсөтүлүп, 12,0 м.с. сарпталды.
Энелер кунун белгилөө үчүн ЖБ 10,0 м.с. акча каражаты 40 энеге майрамдык белек берүү учун сарпталды.
Акыркы коңгуроо майрамын белгилөөдө 15 жетим, жарым жетим балдарга 3,0 м.с. акчалай таркатылды.
Балдарды коргоо күнүндө 63 жетим, жарым жетим , майып балдарга 20,0 м.с. акчалай таркатылды.
Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 44,5 м.с. бөлүндү. Бул акча каражаты акчалай таркатылды жана кээ бирлерине азык-түлүк продуктылары алынып берилди.
Кургак учукка кабылган 5 үй-бүлөгө 2,0 сомдук көмүр отуну алып берилди жана ЖБ 10,0 сарпталды.
Майыптар күнүнө карата 47,5 м.с. жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, акчалай берилди.
Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 10 жалгыз бой энелерге 3,4 м.с. акчалай берилип, жалпы 34, 0 м.с. сарпталды.
- жылдык балаты майрамына 60 тоголок жана жарым жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылып, жергиликүү бюджеттен 24,0 м.с. жана демөөрчүлөрдөн 15,0 м.с. сарпталды.
Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жөнүндө.
- №6 М. В. Ломоносов орто мектебинин ашканасына иүүчү таза суу чыгаруу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн 10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 20820 сомду түздү.
- №4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин ашканасына электр тогун тартуу жана орноштуруу жана канализацияга септик куруу үчүн 12 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 39944 сомду түздү.
- №4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин ашканасын ремонт жасоо үчүн 12 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 39944 сомду түздү.
- Шаардын ичин жашылдандыруу жана таштандылардан тазалоо үчүн 8 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 26592 сомду түздү.
- Коомдук акы төлөнүүчү агенттери болуп 4 жумушсуз жаран тартылды. Проекттин суммасы 28220 сомду түздү.
- Шаардын ичин тазалоо жана көрктөндүрүү проектине 8 жумушсуз жаран тартылып, 26592 сомдук проект ишке ашырылды.
- ЧП “Дакыповго” берилген мурунку котельныйдын имаратын супермаркет кылып реконструкциялоо жана ичин ремонт жасоо үчүн проект ишке ашырылып, 49930 сомду түздү. 15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
- Билим берүү бөлүмүнүн ажаатканасын ремонттоо жана эсепчинин кабинетин ремонт жасоо үчүн 26546 сомдук проект ишке ашырылды.8 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
- Шаардык төрөт үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн 49860 сомдук проект аткарылды.15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
- “Ромашка” балдар бакчасынын котельныйын оңдоо үчүн 33240 сомдук проект аткарылды.10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
- “Радуга” балдар бакчасынын өрт коопсуздугунан сактануу үчүн кошумча чыгуу тепкичин жасоо үчүн 33240 сомдук проект аткарылды.10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
- №1 М. В. Фрунзе орто мектебинин айланасына тосмо орнотуу үчүн 12 жумушсу коомдук иштерге тартылып, 19944 сомдук проект ишке ашырылды.
- ЧП “Дакыповго” 4 бутик куруу үчүн 49930 сомдук проект ишке ашырылды жана 15 жумушсу коомдук иштерге тартылды.
2018 жыл ичинде 140жумушсуз жарандар коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды, проекттердин баасы 479738 сомду түздү.
|