Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
IХ чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
ТО К Т О М 2/1
13.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, « Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин регламенти өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен бекитилсин.
(Регламент тиркелет)
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин IХ чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2/2 ТОКТОМ
13.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык кеңештин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык шаардык кеңештин туруктуу комиссияларын курамын шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып ( IХ чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төмөнкү туруктуу комиссияларынын сандык курамы жана тизмеги бекитилсин:
1.1.Бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссия:
- Кожобекова Гульшаир Кадырбековна
- Чомоев Кылычбек Токторбекович
- Калыбеков Урматбек Вахид-Махаммадович
- Байдавлетов Заирбек Максатбекович
- Мамашов Алмазбек Абдыкалилович
1.2.Экономика – өндүрүш жана инвестиции тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссия:
- Ишиев Улукбек Токтомушевич
- Омошев Раимбек Тургунбаевич
- Алимбаев Алмазбек Эргешович
1.3.Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссия :
- Рысмамбетова Жумакан Арзиевна
- Джаамбаева Токтокан Абдесовна
- Аталаева Гульзат Тургунбаевна
- Абдираимов Марлен Эркимбаевич
- Базарбаев Улан Базарбаевич
1.4.Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссия:
- Маатова Тиллаим Асанбаевна
- Макашов Шерекбай Токоевич
- Эргешов Арапбай Эсентаевич
1.5.Мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссия :
- Усенов Кадыржан Атабекович
- Ташматов Тилекбек Эргешевич
- Саматова Айнура Сулаймановна
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин IХ чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2/3 ТОКТОМ
13.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаарынын зарылчылыгын камсыздоо
максатында шаардык мэриясынын 2024 жылдын
30-октябрндагы №25-ч чечимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 жылдын 6-сентябрндагы №256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгынын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык жана өткөрүү мезгилинде аймактарды жашоо-тиричилигин камсыздоо жана жергиликтүү денгээлде калкка кызмат көрсөтүү системасын үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу максатында шаардык мэриянын 2024 жылдын 30 октябрндагы чечимин шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып ( IХ чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2024 жылдын 30 октябрндагы чечими бекитилип берилсин.
- Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
IХ чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2/4 ТОКТОМ
13.12.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын Көк-Жангак шаарына
Беккера чуңкурчасы жана катуу таштандыларды таштоочу жайды
колдонууга макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жангак шаарында катуу таштандыларды таштоочу жай Багыш айыл өкмөтү менен чектешип, азыркы учурда орчундуу маселе жараткандыгына байланыштуу Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын
колдонууга макулдук берүү жөнүндө кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып ( IХ чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Сары-Булак участкасынан 5,0 га жер аянтын Көк-Жангак шаарына Беккера чуңкурчасы жана катуу таштандыларды таштоочу жайды колдонууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
|