Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы
2/1 ТОКТОМ
03.07.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Көк-Жангак шаардык кеңешинин депутаттары туруктуу комиссияларынын курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы II-сессиясы:
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1.1.Бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча комиссия:
- Мамбетов Тойчубек Карабекович;
- Досбаева Айгуль Паизбековна;
- Кошмуратов Талантбек Аскарбекович;
- Аликеев Максат Сакыевич;
- Садыкова Гульжахан Махаматсабыровна.
1.2.Экономика –өндүрүш жана инвестиции тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча комиссия :
- Укембаев Аксубай Зулпукарович;
- Мамасадыков Жанарбек Мамасалиевич;
- Садыков Замирбек Каныбекович;
- Матназаров Суйорбек Мурзакаримович;
- Жаныбаев Максатбек Камалдинович.
1.3.Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия :
- Осмоналиева Аида Каныбековна;
- Эргашев Арапбай Эсентаевич;
- Ульмасов Усубжан Фазылжанович.
1.4.Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча комиссия
- Аширбаев Уланбек Асанович;
- Эшиева Лайликан Эшатовна;
- Осмоналиева Аида Каныбековна.
1.5.Мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссия :
- Усенов Кадыржан Атабекович;
- Байдавлетов Заирбек Максатбекович;
- Укембаев Аксубай Зулпукарович.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Ш.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы
2/2 ТОКТОМ
03.07.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык мэриянын
№ 1-15/106 28.06.2017-жылдагы каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жерлерди жана обьектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жерлерди жана обьектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Жусупова С.К. - Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри;
Талипов Р.Х. - Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жерге
жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;
Камбаров Ж.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш
жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;
Эргашев Ж.К.- Коммуналдык муниципалдык департаментинин бөлүм
башчысы;
Дастанов А.Д.- Көк-Жаңгак шаарынын архитектору;
Усенов К.А.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;
Байдавлетов З.М.- Көк-Жаңгак шаардык кварталдык комитетинин
төрагасы.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Ш.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы
2/3 ТОКТОМ
03.07.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар
эс алуу борбору 2017-жылга даярдыгы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борбору 2017-жылдга даярдыгы боюнча шаардык мэриянын башкы адиси А.Хатамованын маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борбору боюнча А.Хатамованын маалыматы эске алынсын .
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Ш.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы
2/4 ТОКТОМ
03.07.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кенеши жеке менчик
автоунаны пайдалануу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары төраганын кайрылуусун карап чыгып Көк-Жангак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Шаардык кеңештин иштерин аткарууга жеке менчик автоунаны пайдалануу учун алынсын.
2.Жеке менчик автоунанын ээси менен келишим түзүлсүн .
3.Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Ш.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги II- сессиясы
2/5 ТОКТОМ
03.07.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы II-cессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VII чакырылыштагы ) сессияларында
кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдору Көк-Жаңгак шаардык
кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жагын өзүмө калтырам.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңешинин төрагасы: Б.Ш.Маткаримов
|