Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:07 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Август » 6 » 29-сессиянын токтому
6:43 AM
29-сессиянын токтому

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХХIХ- сессиясы

 

ТОКТОМ 29/1

02.08.2019 -жыл                                Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

01.08.2019ж. №1-12/502 кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде 2019-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатын мекеме ишканалардын кайрылуу каттарын канаттандыруу максатында бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХIХ-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен түшкөн 280,0 миң сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин: - Көк-Жаңгак шаардык мэриясына көмүр алуу үчүн 15,0 миң сом;

- Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине электр энергия үчүн 100,0 миң сом, көчөлөргө нумерация орнотуу үчүн 30,0миң сом;

- Көк-Жаңгакшаардык билим берүү бөлүмүнө Жогорку сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик алым жана актоочунун юридикалык кызматы үчүн 50,0 миң сом; №1-орто мектебинин айланасына тосмо орнотууга 30,0 миң сом; №4-балдар бакчасына электр зымдарын алмаштыруу үчүн 45,0 миң сом;

- шаардык китепканага көмүр алуу үчүн 10,0 миң сом.

2.Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кызматтык автоунаасын оңдоо үчүн 3112 «Машина жана жабдуулар» беренесинен 40,0 миң сом 2214 «Унаа чыгымдары» беренесине жылдырылсын.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У. Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын башчысы К.Маткаримовго жүктөлсүн.

Аткаруу мөөнөтү 20-август 2019-жылга чейин.

4.Токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

төрагасынын орун басары:                           А.Мамайкулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 110 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Август 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0