Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:30 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Март » 30 » 29 сессиянын токтомдору
5:58 AM
29 сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХ1Х-сессиясы

 

ТОКТОМ 29/1

24.03.2023 -жыл                                                                              Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин иш планынын негизинде

КМДнин жетекчисин маалыматы  жөнүндө

 

               Көк-Жаңгак шаардык кеңештин иш планынын негизинде: шаардын жалпы пайдалануудагы жерлерди жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тураллуу жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча КМДнин жетекчиси И.Абдурасуловдун маалыматын угуп чыгып  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХ1Х-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:                                                                                              

 

1.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти шаардын жалпы пайдалануудагы жерлерди жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тураллуу жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча  жетекчиси И.Абдурасуловдун  маалыматы эске алынсын.

 

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                            кеңештин төрагасы:                                                                                                                                                           Байдавлетов З.

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХ1Х-сессиясы

 

ТОКТОМ 29/2

24.03.2023-жыл                                                                       Көк-Жаңгак шаары

 

                                                            

Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин 

 16.03.2023ж. № 01-06/5  кайрылуу  каты жөнүндө.  

 

                        Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 17.03.2023 жылдагы № 9 протоколунун  негизинде карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезектеги  XXIХ-сессиясы

 

 

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан ДЮСШ-2 мектебине караштуу спорттук залга № 30 сыр белгисин ыйгаруу жана 290,95м2 аянтын жана спорттук залдын 204,75м2 жалпы пайдалуу аянтын шаардык муниципалдык менчикке алуу менен бекитилсин.

2.Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан ДЮСШ-2 мектебине караштуу спорттук залдын кызматтык бөлмөсүнө  № 31 сыр белгисин ыйгаруу жана 46,9м2 жалпы пайдалуу аянтын шаардык муниципалдык менчикке алуу менен бекитилсин.

3.Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндө жайгашкан 686,4м2 спорттук аянтчасын бекитип жана муниципалдык менчике алынсын.

4.Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү ДЮСШ-2 кызматтык болумчөсүнө  № 34 сыр белгисин ыйгаруу менен муниципалдык менчике алуу жана 64,9м2 жалпы пайдалуу аянттын бекитилсин.

5.Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү эски балдар консультациясындагы 1 батирине (Мөл-Булак)   № 33 сыр белгисин ыйгаруу менен 53,8м2  аянттын бекитилсин.

6.Көк-Жаңгак шаарындагы 40-лет Октября көчөсүндөгү № 6 көп кабатуу үйдөгү эски балдар консультациясындагы 1 батирине (ГОМ милиция бөлүмчөсү)   № 32 сыр белгисин ыйгаруу менен 64,0м2  аянттын бекитилсин.

7.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнин тиешелүү бөлүм башчысына жүктөлсүн.

 

8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын вице-мэри О.Мамытовго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

9.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак     шаардык                                                                               кеңештин төрагасы:                                                                                                                                                      З.Байдавлетов 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХ1Х-сессиясы

 

 

ТОКТОМ 29/3

24.03.2023 -жыл                                          Көк-Жаңгак шаары

 

                                                            

Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин 

16.03.2023ж. №01-06/9  кайрылуу  каты жөнүндө.  

 

           Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын  жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясыныв 17.03.2023 жылдагы №9 протоколунун  негизинде карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезектеги  XXIХ-сессиясы   

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин 03.03.2022ж. 14/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

Мамытов О. -  Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри, комиссиянын  төрагасы;

Мамашов А.-  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;

Мүчөлөрү:

Мамасадыков Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жарандык                   

                                 коргонуу боюнча башкы адис; 

Камбаров Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш

                                    жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;     

           Талипов Р. -  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча    

                                   жетектөөчү адиси;               

      Эргашев Ж.– Коммуналдык менчик департаментинин жетектөөчу   

                             адисинин м.а.;

      Дубанаев У. - Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;

      Матаева К.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;

      Омошев Р. - Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты.                              

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                   З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХ1Х-сессиясы

 

ТОКТОМ 29/4

24.03.2023 -жыл                                         Көк-Жаңгак шаары

                                                            

Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык                                               маарекесин өткөрүү жөнүндө

 

             Көк-Жаңгак шаардык кенештин депутаттары  Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык  маарекесин   өткөрүү  жөнүндө   маселени   карап   чыгып шаардык   кеңештин   депутаттарынын     (VIII-чакырылыштагы)                кезектеги  XXIХ-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык  маарекесин   2023-жылдын                                                   

27 май  саат 10 ºº до  Көк-Жаңгак  шаарынын   борбордук стадионунда өткөрүлсүн.

 

2. Өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы КР  Финансы министрлигинин Көк-Жангак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго  жүктөлсүн.

 

3.Көк-Жаңгак шаарынын 80-жылдык маарекесин өткөрүү жагы шаардык мэрияга жана маданият бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.

 

5. Бул  токтом расмий  жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                        З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 80 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0