Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:49 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Февраль » 24 » 28-сессиянын токтомдору
11:53 AM
28-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз XXVIII - сессиясы

 

 ТОКТОМ 28/1

22.02.2023 -жыл                                                                               Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын  №1-12/259

20.02.2023ж. кайрылуу каты жөнүндө

 

           «Жергиликтүү мамлекттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9- беренелеринин 5-пунктунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгы жана 2023-2025ж.ж. карата тиричилик таштандыларын тазалоонун натыжайлуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планынын» негизинде Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри Ө.Мамытовду угуп, шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежесинин долбоорун кабыл алуу максатында Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезексиз  XXVIII-сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын, жарандардын жана юридикалык жактарды көрктөндүрүү эрежелеринин жоболору жөнүндө маалымдоо шаардын вице-мэри Ө.Мамытовго милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                      кеңештин төрагасы:                               З.Байдавлетов 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз XXVIII - сессиясы

 

 ТОКТОМ 28/2

 

22.02.2023ж.                                                                                     Көк-Жаңгак шаары                                                     

Көк-Жаңгак шаарынын КМДнын 

№9  01.02.2023ж. кайрылуу  каты жөнүндө.  

 

                        Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде    Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу номери жок   0,005га жер тилкесин жана Алишев  көчөсүнүн кесилишиндеги жайгашкан 0,0027га  жер тилкесин   шаардык муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын  (VIII-чакырылыштагы) кезексиз  XXVIII-сессиясы

 

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу номери жок 0,005га жер тилкеси, Алишев  көчөсүнүн кесилишиндеги жайгашкан 0,0027га  жер тилкеси  шаардык муниципалдык менчикке  бекитилип берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы КМДнын тиешелүү бөлүм башчысына жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын вице-мэри О.Мамытовго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                                                            кеңештин төрагасы:                              З.Байдавлетов 

 

 

Просмотров: 49 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728

Статистика


Онлайн всего: 8
Гостей: 8
Пользователей: 0