Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ 28/1
17.07.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын
12.07.2019ж. №1-12/476 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы № 177 токтомунун аткаруу максатында жана жер комиссиясынын мүчөлөрүнөн жумуштан бошогондугуна байланыштуу сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын турак үй куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Акумбаева М.Р. - вице-мэри, туруктуу комиссиянын төрайымы;
Усенов К.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Талипов Р.Х. - мэриянын жер боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын
катчысы;
Камбаров Ж.- мэриянын өнөр-жай курулуш жана коммуналдык менчик
боюнча башкы адиси;
Байдавлетов З.М.- Көк-Жаңгак шаарынын 40 кварталынын төрагасы;
Эгамбердиев Н.К.- Сузак районунун архитектура башкармалыгынын адиси;
Бааев Т.- Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз
мүллкө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ 28/2
17.07.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 12.07.2019-жылдагы № 1-12/477 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 12.07.2019-жылдагы № 1-12/477 кайрылуу катын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Стратегиялык Өнүгүү планынын 2018-2021-жылдарга карата иш планынын негизинде шаардагы Октябрдын 40-жылдыгы бульварына асфальт төшөө жана реконструкциялык долбоору ишке ашырылсын.
2.Долбоорду ишке ашыруу үчүн иш кагаздырын даярдоо жана демөөрчүлүрдү таап, Республикалык бюджеттен акча каражатын чечүү жагын шаардын мэри У.Исмаиловго жана мэриянын тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткаруусун көзөмөлгөө алуу жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ 28/3
17.07.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
шаардык мэриянын 16.07.2019-жылдагы № 1-12/479 кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүнөн номери жок 0,17 га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгу номери жок 0,17 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Маткаримов Б.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVIII- сессиясы
ТОКТОМ 28/4
17.07.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын
16.07.2019ж. №1-12/480 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Акумбаева М.Р. - вице-мэри, туруктуу комиссиянын төрайымы;
Мамайкулов А.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Эргашев Ж.- КМДтин бөлүм башчысы, комиссиянын катчысы;
Талипов Р.Х. - мэриянын жер боюнча жетектөөчү адиси,
комиссиянын катчысы ;
Сафина М.С.- мэриянын статистика, экономика иштери боюнча
башкы адиси;
Абдуллаева З.- мэриянын башкы эсепчисинин м.а.;
Дубанаев У.- Көк-Жаңгак шаарынын Спутник кварталынын
төрагасы.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|