Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:22 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Февраль » 24 » 27 сессиянын токтомдору
11:14 AM
27 сессиянын токтомдору

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХVII сессиясы

 

ТОКТОМ 27/1

17.02.2023-жыл                                                  Көк-Жаңгак шаары

Кыргыз Республикасынын финансы

министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын

жетекчиси К.Маткаримовдун 2022-жылдын

бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуу 

 

                Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХVII сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                 З.Байдавлетов 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХХVII сессиясы

 

 ТОКТОМ 27/2

17.02.2023 -жыл                                                     Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2023-жылга жергиликтүү

бюджетин жана 2024-2025-ж.ж. болжолун

(прогноз) бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102- беренесине  ылайык Көк-Жаңгак шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджети  жана 2024-2025-жылдарга болжолунун  (прогноз) долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VIII чакырылыштагы)  кезектеги ХХVII сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 35092,5 миң (отуз беш миллион токсон эки миң беш жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 20658.2 миң (жыйырма миллион алты жүз  элүү сегиз миң эки жүз) сом, теңдөөчү грант 14434,3 миң (он төрт миллион төрт жүз отуз төрт  миң үч жүз) сом,    2024-жылга болжолу 39730,5 миң (отуз тогуз миллион жети жүз отуз миң беш жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 25296,2 миң ( жыйырма беш миллион эки жүз токсон алты миң эки жүз)  сом, теңдөөчү грант  14434,3 миң ( он төрт миллион төрт жүз отуз төрт миң үч жүз)  сом,   2025-жылга болжолу 40621,5 миң (кырк миллион алты  жүз жыйырма бир миң беш жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер          26187,2 миң ( жыйырма алты миллион бир  жүз сексен жети миң эки жүз) сом , теңдөөчү грант 14434,3 миң (он төрт миллион төрт жүз отуз төрт миң үч жүз) сом   №1,2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.

(Тиркеме № 1,2 тиркелет)

2.Көк-Жаңгак шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү кирешелер 20658,2 миң (жыйырма миллион алты жүз элүү сегиз миң, эки жүз)  сомду түзүп, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 4422,0 миң ( төрт миллион төрт жүз жыйырма эки миң) сом бекитилсин.

3.Республикалык бюджеттен түшүүчү 14434,2 миң (он төрт миллион төрт жүз отуз төрт миң эки жүз) сом теңдөөчу грант бекитилсин.

4.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын                 1-январына   калдык бюджеттик каражат 2166,7 миң (эки миллион бир жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин  24-беренесине  ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу   органдарына  жергиликтүү   бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата  2% чегинде  резервдик фонд  400,0 миң сом шаардын мэринин эсебине  бекитилсин.

6.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын,  бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.

7. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына   жалпысынан 11198,6 миң сом бекитилсин.

                                                    

8.Калкка соц.жардам берүү  боюнча жөлөк пүл  500,0 миң (беш жүз миң ) сом бекитилсин.

9. Көк-Жаңгак шаардык кеңешке  жалпысынан 2307,4 миң эки миллион үч жүз жети миң)  сом бекитилсин.

 

10. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 5557,1 миң      ( беш миллион беш жүз элүү жети миң бир жүз) сом бекитилсин.

 

11. Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 5564,0 миң (беш миллион беш жүз алтымыш торт мин) сом бекитилсин:

 

12.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 5543,4 миң         ( беш миллион беш жүз кырк үч миң төрт жүз)  сом  бекитилсин.

              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2008-жыл 15-январдагы  №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга  18 сомдон күнүнө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин        Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчисине  жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.

 Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп, максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.

13.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.

14. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын  жетекчисине милдеттендирилсин.

15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

16.Бул токтом расмий жарыяланып, 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов  

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХXVII- сессиясы

 

 ТОКТОМ 27/3

17.02.2023 -жыл                                                    Көк-Жаңгак шаары

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

2023-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө

 

          Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин    2023-жылдын иш-планын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  VIII чакырылыштагы  кезектеги ХXVII сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2023-жылга койгон иш-планы

   толуктоолорду киргизүү менен  бекитилсин.

    (Иш-план тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышынын  көзөмөлгө алуу жагы   Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы :                                          З.Байдавлетов 

                         

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХXVII- сессиясы

 

 ТОКТОМ 27/4

17.02.2023 -жыл                                                   Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

21.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү

киргизүү  жөнүндө

 

               Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык  шаардык кеңештин  туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги  ХХVII -сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясы төмөнкүдөй бекитилсин:

-Киезбаев Кубанычбек Тажибаевич;

-Омошев Раимбек Турганбаевич;

-Чыныбеков Шумкар Калмаматович;

-Маткасымова Урматкан Абдалиевна.

-Темирбаев Максат Нурланбекович шаардык кеңешинин төрагасынын орун басар милдетинен Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 41- беренесине ылайык бошотулганына байланыштуу төмөнкү комиссияга бекитилди.

 

1.2. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясы төмөнкүдөй бекитилсин:

-Рысмамбетова Жумакан Арзиевна;

-Исаев Жаныбек Абдурахманович;

-Тургунбаев Самат Каныбекович.

 

 

1.3.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин социалдык коргоо жана саламаттык сактоо  маселелер боюнча туруктуу комиссиясы төмөнкүдөй бекитилсин:

-Кыдыралиева Зуура Адиковна;

-Ермекбаев Чынгыз Тавалдиевич;

-Балтабаева Санамбүү Саматовна.

 

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов

 

 

Просмотров: 48 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728

Статистика


Онлайн всего: 4
Гостей: 4
Пользователей: 0