Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:04 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Июль » 2 » 27-сессиянын токтомдору
6:35 AM
27-сессиянын токтомдору

                                         Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                                VII чакырылыштагы кезексиз ХХVII- сессиясы

                                                            ТОКТОМ 27/1

24.06.2019 -жыл                                                      Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын № 1-12/250 08.04.2019ж.,                                                   № 1-12/342 30.04.2019ж., № 1-12/387 24.05.2019ж.                                                     кайрылуу каты жөнүндө.

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу жайгашкан 0,13 га, Салахудинова көчөсүндө жайгашкан 0,12 га, Т.Мамытов көчөсүндө жайгашкан 0,11 га, Октябрь көчөсүндө жайгашкан 411,0 кв.метр жер тилкелерин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы

                                                        ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу жайгашкан 0,13 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарындагы Салахудинова көчөсүндөгу жайгашкан 0,12 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

3. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов көчөсүндө жайгашкан 0,11 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

4.Көк-Жаңгак шаарындагы Октябрь көчөсүндө жайгашкан 411,0 кв.метр га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

5.Тиешелүү иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

төрагасынын орун басары:                                                        А.Мамайкулов

 

 

 

                            Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

                             (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХVII - сессиясы

                                                         ТОКТОМ 27/2

24.06.2019- жыл                                                          Көк-Жаңгак шаары

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу»

наамын ыйгаруу жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 21.05.2019-жылдагы жана 19.06.2019-жылдагы протоколунун негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы

                                                          ТОКТОМ кылат:

1.Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата ооган согушунун катышуучусу Дооронов Абдулла Кеңешбиевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

2.«Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жана Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн дегеле мэрдик ишмердүлүгүнө пайда болгон ар кандай маселелерди чечүүдө активдүүлүгүн, жекече мамиле кылуусун жана чечкиндүүлүгүн өзгөчө белгилеп Көк-Жаңгак шаарынын мэри Исмаилов Уларбек Тавалдиевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

3.Дарыгер кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Сулейманова Раиса Уринбаевнага «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылсын.

4.«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган инсандарга, күбөлүк жана башка керектүү жасалгаларды даярдап берүү жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешине тапшырылсын.

5.Токтомдун аткаруулусун уюштуруу жана камсыздоо жагын өзүмө калтырам.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

төрагасынын орун басары:                                                             А.Мамайкулов

 

                           Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

                             (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХVII - сессиясы

                                                         ТОКТОМ 27/3

24.06.2019- жыл                                                          Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндөгү 1/10 үйүнөн

61 үйүнө чейин Алишев Мурзахматтын атына                                                       өзгөртүп берүү жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты Г.Садыкованын жана "Көлмө" кварталынын  тургундарынын кайрылуу катынын жана кеңештин  мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 19.06.2019-жылдагы протоколунун негизинде карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы

                                                          ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндөгү 1/10 үйүнөн 61 үйүнө чейин Алишев Мурзахматтын атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.

2.Тиешелүү корнокторду жана көчөнүн аты жазылган такчайларды 2019-жылдын 1 сентябрьга чейин алмаштырылсын.

3.Көчөнүн атын алмаштырууга кетүүчү чыгымдарды Алишевдин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.

4.Көчөнүн оңдоп түздөө, жарыктандыруу жактары жана чыгымдарын    Алишевдин үй-бүлөөсүнө тапшырпылсын.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

төрагасынын орун басары:                                                        А.Мамайкулов

 

 

Просмотров: 134 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Июль 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

Статистика


Онлайн всего: 6
Гостей: 6
Пользователей: 0