Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVI- сессиясы
ТОКТОМ 26/1
25.04.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
№ 1-12/300 23.04.2019-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 5-главасынын 3 пунктуна таянып Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэр бош кызмат ордун ээлөө боюнча карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясы сунуштаган вице-мэрдин бош кызмат ордуна Акумбаева Мээрим Рысбековнаны Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэр кызмат ордуна ээлеген кызмат ордунан которуу жолу менен дайындоого Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары бир добуш менен макулдук беришти.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVI- сессиясы
ТОКТОМ 26/2
25.04.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы
23/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 08.04.2019-жылдагы № 1-12/237 жана Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмүнүн 24.04.2019-жылдагы № 15 кайрылуу каттарынын негизинде шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы 23/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 18.01.2019-жылдагы 23/6 токтомунун 6-пунктуна өзгөртүү киргизип Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.04.2019-жылдагы №1-12/237 кайрылуу катын канаттандыруу максатында шаардык мэриясынын 12 кызматкеринин 2018-жылдык баалоо боюнча мэриянын баалоо комиссиясынын №1 30.01.2019-жылдагы протоколунун, шаардык мэриянын №6-б 31.01.2019-жылдагы буйругунун негизинде 31,7 миң сом жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мэриянын баалоо комиссиясынын №2 01.02.2019-жылдагы протоколунун, шаардык кеңештин №2 01.02.2019-жылдагы буйругунун негизинде 13,9 миң сом баары болуп 45,7 миң сом жылдырылып берилсин;
-Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмүнүн 24.04.2019-жылдагы № 15 кайрылуу катын канаттандыруу максатында 2018-жылдык баалоонун негизинде 26,4 миң сом жылдырылып берилсин;
-коммуналдык менчик департаменти аркылуу «Көлмө» айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде ( суу алышын оңдоого) 60,0 миң сом жылдырылып берилсин;
-2020-жылы боло турган эл каттоого даярдык максатында Көк-Жаңгак шаарынын көчөлөрүнө көчөнүн атын жана номерация коюу үчүн 87,1 миң сом жылдырылып берилсин;
-Көк-Жаңгак шаарынын жыйындар өтүчүү залына эмеректерди алуу үчүн 157,0 миң сом жылдырылып берилсин;
-шаардык билим берүү бөлүмүнүн электр энергия болгон карызын жоюу үчүн 23,3 миң сом жылдырылып берилсин;
Баардыгы болуп 399,5 миң сом (үч жүз токсон тогуз миң беш жүз) сом жылдырылып берилсин.
2.Көк-Жаңгак шаарынын №3 орто мектебинин 09.04.2019-жылдагы №12 кайрылуу катын канаттандыруу максатында шаардык мэриянын 2214-беренесинен билим берүү бөлүмүнүн 2215-беренесине 40,0 миң сом жылдырылып берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамбетовго жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|