Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХХV1-сессиясы
ТОКТОМ 26/1
15.02.2023 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековдун
2022-жылы аткарган иштери жөнүндө
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы тууралуу Көк-Жаңгак шаарынын мэринин отчетун угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХV1-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековдун 2022-жылдын 12 ай ичинде аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету канаттандырарлык деп табылсын.
(Отчет тиркелет)
2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Б.Замирбековго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри Б.Замирбековго милдетендирилсин.
4.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча 2023-жылга иш-пландар иштеп чыгарылып шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго милдетендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Байдавлетов З.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХХV1-сессиясы
ТОКТОМ 26/2
15.02.2023 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканалар
2022-жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканалар 2022-жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХV1-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2022-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси И.Абдурасуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык өзүн-өзу камсыз кылуу «Шар-Булак» ишкансынын аткарган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.
3.Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн («Искусство» мектеби, китепкана) 2022-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси С.Асилбекованын маалыматы эске алынсын.
4.Сузак райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Көк-Жангак шаардык бөлумү 2022-жылы аткарган иштери боюнча башкы адиси А.Асанованын маалыматы эске алынсын.
5.Көк-Жангак шаарынын элект тармактагы ишканасы 2022-жылы аткарган иштери боюнча жетекчисинин маалыматы эске алынсы.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Байдавлетов З.
|