Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VI чакырылыштагы кезексиз ХХVI- сессиясы
ТОКТОМ 26/4
10.03.2016 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 2016-жылга
шаардык бюджетин бекитүү жана
2017-2018 жж. бюджетинин божомолу
(прогноз) жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын 2016-жылга шаардык бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджети жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорунун негизинде түзүлгөнүн жана шаардык 2017-2018-жылдардагы бюджетинин божомол (прогноз) долбоору шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы боюнча белгилеп , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап ( VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча каржы министрлигинин көрсөткүчү боюнча 15097,0 миң сом анын ичинен бюджеттик каражаттар 13607,0 миң сом, атайын төлөмдөрдөн түшуруучу кирешелер 1490,0 миң сом.
2. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016ж.1-январына бюджеттик каражаттын эсебинен калдык акча 247,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Көк-Жаңгак шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү кирешелер 6659,0 миң сомду түзүп анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүчүү кирешелер 1790,0 миң сом бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен түшуучу 8738,0 миң сом теңдөөчү грант бекитилсин.
5.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 15644,8 миң сом анын ичинен бюджеттик каражат 13854,8 миң сом, атайын төлөм боюнча чыгашалар 1790,0 миң сом өлчөмүндө № 1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
(Тиркеме №1,2 тиркелет)
6.2017-2018-жылдардын бюджетинин божомол (прогноз) долбоорунун көрсөткүчтөрү жактырылып, 2017-2018-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатат.
( Тиркеме №3 тиркелет)
7.2016- жылдын 1-январына калган калдык 247,8 миң сом муниципалдык менчик департаментинин башка тейлөө кызматынын чыгымдарына бекитилсин.
8. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына жергиликтуу бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 139,0 миң сом тузулүп:
- шаардык кеңештин эсебине 30% резервдик фонд 41,7 миң сом бекитилсин;
- шаардын мэринин эсебине 70% резервдик фонд 97,3 миң сом бекитилсин .
9.Муниципалдык менчик департаментинин 1901,8 мин сом бекитилсин анын ичинен башка тейлоо кызматтарына 569,8 мин сом бекитилсин (чыгымдардын баардыгы 744,8 мин сом түзүлдү), «Шар-Булак» өзүн-өзу камсыз кылуу ишканасына хлор алуу үчүн 5,0 мин сом муниципалдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин жана титулдук тизмесине киргизилсин. Муниципалдык менчиктен түшуучу кирешелер такталып , ишке ашырылып, атайын эсеп счетуна 50,0 мин сом акча өлчөмүндө атайын каражат тушурулсун. Атайын каражатты топтоп түшүрүү жагы муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине милдеттендирилсин.
10.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдардын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, ата-энеси майыптардын балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.
11. Бюджеттик мекемелердин 2016-жылдын 1-январына карата пайда болгон кредиттордук карыздары 2016-жылга бекитилген чыгым сметасынын чегинде үнөмдүү пайдалануунун эсебинен каржылануусу белгиленип, бюджеттик мекеменин бекитилген сметасында каралбаган чыгымдоолорду каржылоого тыюу салынсын.
12.Шаардык мэриянын башка тейлоо чыгымдарынын эсебинен шаардын спорт иш-чараларын өткөрүү үчүн 35,0 мин сом бөлүнүн берилсин.
13.Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 05.08.2011-жылдагы № 452 токтомунун негизинде шаардык кеңештин кошумча бир штаттык бирдиги (жетектоочу адис) бекитилсин.
14.Шаардык билим берүү бөлүмү жалпысы 1877,5 мин сом анын ичинен балдар бакчалар боюнча тамак ашына продукталарын алууга 1000,0 миң сом бекитилсин. Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп максаттуу жана мыйзамдын чегинде жумшалсын.
15.Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысы 2033,9 миң сом бекитилсин анын ичинен Көк-Жаңгак шаарынын маданият сарайынын алдынкы фасадын капиталдык ремонтоо үчүн мүлктү учурдагы оңдоо беренесинен 120,0 миң сом (целевой) берилсин.
16.Шаардык социалдык коргоо бөлүмүнө жалпысы 3206,5 миң сом бекитилсин анын ичинен калкты социалдык жардам боюнча жөлөк пул 255,0 миң сом жумшалсын.
17.Шаардык аксакалдар сотунун иш жумуштарын эске алып 21,0 миң сом айлык акы жана соц.фондко чегеруу мэриянын эсебинен бекитилсин.
18.Шаардык казына бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу процесси «Кыргыз Республикасынын казналыгынын негизги жоболору» мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 08.05.2014-ж. № 84-п буйругу менен бекитилген нускамада көрсөтүлгөн жобого ылайык аткарылсын.
19.Шаардык каржы бөлүмүнө, регионалдык казына бөлүмүнө (К.Джураева) жана мэриянын салык кызматына ар айдын башында шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалыматты шаардык кеңеш аркылуу шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берилсин.
20. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн жетекчисине милдетендирилсин.
21.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
22.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|