Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:32 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2016 » Март » 17 » 26/2 - токтому
11:24 AM
26/2 - токтому

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы

ТОКТОМ 26/2

10.03.2016 жыл Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015- жылда аткарган иштери жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015-жылга отчетун угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХVI- сессиясы)

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015-жылда шаардын жалпы абалы жана 2015-жылга Көк-Жаңгак шаарынын бекитилген бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету канаттандырарлык деп табылсын.

(Отчет тиркелет).

2.2016-2018ж.ж. прогнозу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген учурда мыйзам чегинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөр киргизилсин.

3.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Ж.Юсуповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.

4.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри Ж.Юсуповго милдетендирилсин.

5.Көк-Жаңгак шаарыны социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоору иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдетендирилсин.

6.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча 2016-жылга иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдетендирилсин.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
Просмотров: 232 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2016  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0