Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-06-28, 2:23 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Январь » 31 » 25-сессиянын токтомдору
9:10 AM
25-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз ХХV - сессиясы

 

25/1 ТОКТОМ

25.01.2023-жыл                                                               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

21.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү

киргизүү  жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык  шаардык кеңештин  туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХХV -сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы  жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төмөнкүдөй бекитилсин:

- Маразыков Абдуганы Алтымышович;

- Кожобекова Гулшаир Кадырбековна;

- Исмаилов Болотбек Маметмусаевич;

 

- Ташбулатов Бакытбек Токсамбаевич;

 

- Мамашов Алмазбек Абдыкалилович.

 

 

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                               З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз ХХV - сессиясы

 

ТОКТОМ 25/2

25.01.2023-жыл                                                               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жангак шаарынын мэриясынын

№ 1-12/293  26.12.2022-жылдагы

кайрылуу каты жөнүндө

 

               «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонуга киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 беренесинин 2 пунктуна ылайык 2022-жылдын 18-январындагы №4 өзгөртүүлөр жана толукоолор менен 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын баардык түрүн киргизүү жөнүндө шаардык кенештин депутаттары  карап талкуулап чыгып  (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХХV -сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

                                                                                                                                                                                       

1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын  кайрылуу катынын негизинде шаар аймагында 2023-жылдын 1- январынан тартып мүлк салыгынын баардык түрлөрү киргизилсин жана бекитилип берилсин.

2 Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана  шаардык мэриянын башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы  экономика-өндүрүш жана инвестиция  

    тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  

    боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз ХХV - сессиясы

 

ТОКТОМ 25/3

 

25.01.2023-жыл                                                               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жангак шаарынын КМДнин

№ 02  17.01.2023-жылдагы

кайрылуу каты жөнүндө

 

               Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган борбордук парктын жер тилкесинин аянты КАДАСТРдын 2002-жылдагы системдик каттоодо катталган 1 0952,38 м2 жер тилкесине кошумча 5947,62 м2 аянтты кошуп, жалпысынан  1 6900,00 м2 жер аянтын бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап, чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХХV -сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

                                                                                                                                                                                        

1.Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык менчик реестринде турган борбордук парктын 16900 м2 жер тилкеси бекитип берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана КМДнин жетекчисине  милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы  экономика-өндүрүш жана инвестиция  

    тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  

    боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезексиз ХХV - сессиясы

 

ТОКТОМ 25/4

25.01.2023-жыл                                                               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жангак шаарынын КМДнин

№ 06  23.01.2023-жылдагы

кайрылуу каты жөнүндө

 

               Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринде турган обьектилерди мекеме-ишканаларга келишимдин негизинде оперативдик колодонуга берүү жөнүндө карап талкуулап, чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХХV -сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

                                                                                                                                                                                       

1.Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчик реестринин өзгөртүү киргизүү менен жана реестринде турган обьектилерди мекеме-ишканаларга келишимдин негизинде оперативдик колодонуга берүүгө уруксат берилсин.

2.Келишим түзгөн мекеме-ишканалар учурдагы оңдоо түзөө иштери, коммуналдык чыгымдар, долбоорлор менен иштөө жана башка имараттарды сакталуусун камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды аткарууга уккуктуу.

3.Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана КМДнин жетекчисине  милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы  экономика-өндүрүш жана инвестиция  

    тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  

    боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                               З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 43 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0