Главная » 2015 » Ноябрь » 19 » 25-сессиянын 25/1,25/2,25/3,25/4-токтомдору
7:04 AM 25-сессиянын 25/1,25/2,25/3,25/4-токтомдору |
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV- сессиясы ТОКТОМ 25/1
11.11.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 2015-жылдын 9-айдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2015-жылдын 9-айдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевдин маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы ТОКТОМ кылат: 1.2015-жылдын 9-айдын шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча Көк-Жаңгак шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевдин маалыматы эске алынсын. 2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы : К.Курбанов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV- сессиясы ТОКТОМ 25/2
11.11.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №118-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ кылат: 1. «Арис» программа аркылуу Көк-Жаңгак шаарына бөлүнүп берилген эксковатордун баасына шаардык өздүк салымын кошуу үчүн 150,0 (Бир жүз элүү мин) сом акча каражат 2015-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен жергиликтуу бюджетке пландан сырткары түшкөн акча каражат эсебинен жана 10,0 (он мин) сом акча каражаты коммуналдык муниципалдык департаментинин чыгаша сметасынын эсебинен: Баардыгы болуп 160,0 (Бир жүз алтымыш мин) сом бөлүнүп берилсин. 2.Токтомдун аткаруу жагы шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин. 3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын. 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV- сессиясы
ТОКТОМ 25/3
11.11.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №117-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө. Көк-Жаңгак шардын мэри Ж.Юсуповдун каты: Каржы министрлигинен республикалык бюджеттен №1 бала бакчаны оңдооп түзоо иштери боюнча 3700,0 (үч миллион жети жүз мин) сом жергиликтүү бюджетке болунгон. ОсОО «Тэран» тендерден утап алган акча каражаты 2690,3 ( эки миллион алты жүз токсон миң үч жүз) сом түзөт. Калган 1009,7 ( бир миллион тогуз миң жети жүз) сом акча каражатын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен бөлүнгөн акча каражатты «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык принциптери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык шаардагы Октябрь көчөсүндөгү № 1 бала бакчага бөлүнгөн 07.10.2015-жылы түзүлгөн сметага ылаыйк жана Кыргыз Республикасынын «мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин 4/2 , 4/3 пунктарынын жана 53-беренесинин 2-пунктунун негизинде: -сметада каралган жана жасала турган иштер боюнча 420,8 мин сом; -жылытуу системасын оңдоо боюнча 494,5 мин сом;
-курулуш –ремонттоо иштерин көзөмөлдөө үчүн технадзорго төлөнүүчү каражат 24,6 мин сом ; -проектти сметасы менен даярдоого кеткен каражат 35,0 мин сом; -тендер иш кагаздарын даярдоо жана өткорүү адиске – 5,0 мин сом; - №1 бала бакчанын ремонтун бүтүрүү үчүн ар турдуу чыгымдарга- 29,8 сом Баардыгы болуп: 1009,7 мин сом бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин. 3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын. 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV- сессиясы
ТОКТОМ 25/4
11.11.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №119-0 29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы ТОКТОМ кылат: 1.Көк-Жаңгак шаарындагы №1 бала бакчага жабдуу жана эмеректерди сатып алуу максатында Каржы министрлигинен бөлүнө турган 1600,0 (Бир миллион алты жүз мин ) сомду туура бөлүнүп пайдаланышы «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык аткарылсын. 2.Аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашевге милдеттендирилсин. 3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын. 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|
Просмотров: 221 |
Добавил: Жалал-Абад
| Рейтинг: 0.0/0 |
|
Меню сайта
Календарь
« Ноябрь 2015 » |
Пн |
Вт |
Ср |
Чт |
Пт |
Сб |
Вс |
| | | | | | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
Статистика
Онлайн всего: 1 Гостей: 1 Пользователей: 0
|