Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:00 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Март » 19 » 24-сессиянын токтомдору
6:08 AM
24-сессиянын токтомдору

                                        Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                             VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                            ТОКТОМ 24/1

13.03.2019 -жыл                                                        Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/35 28.01.2019ж.,

№1-12/54 04.02.2019ж.,№1-12/55 04.02.2019ж.,

№1-12/88 12.02.2019ж. кайрылуу каттары жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальская көчөсүндөгу жаңы паркта жайгашкан бүтпөгөн мектептин жер тилкесин, Гвардейская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 9м2 жер тилкесин, Комсомол көчөсүндөгү №96 бузулуп кеткен көп кабаттуу жайгашкан 0,14га жер тилкесин, Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,14га жер тилкесин, Шахтерская көчөсүндөгү номери жок бузулуп кеткен эски почтасы 0,20га жана «Юбилейный» магазиндин 0,03га жер тилкелерин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                    ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Пржевальская көчөсүндөгу жаңы паркта жайгашкан бүтпөгөн мектептин жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

2. Көк-Жаңгак шаарынын Гвардейская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 9м2 жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

3.Көк-Жаңгак шаарынын Комсомол көчөсүндөгү №96 бузулуп кеткен көп кабаттуу үйдүн жайгашкан 0,14га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

4. Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүндөгү номери жок бузулуп кеткен эски почтасы 0,20га жана «Юбилейный» магазиндин 0,03га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

5.Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,14га жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

6.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                   Б.Маткаримов

 

 

 

                                          Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                          VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                ТОКТОМ 24/2

13.03.2019 -жыл                                                                    Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

№1-12/44 30.01.2019ж.кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батиринин тургуну С. Денисовдун арызын карап чыгып шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                 ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батиринин тургуну С. Денисовго батирди акысыз жеке менчике өткөзүп алуу үчүн макулдук берилсин.

2.Коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Ленин көчөсүнүн №77 үйүнүн №36 батирин чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

3.Ишке ашыруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге тапшырылсын.

4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                    Б.Маткаримов

 

 

                                      Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                        VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                 ТОКТОМ 24/3

13.03.2019 -жыл                                                                    Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

№1-12/45 30.01.2019ж.кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын Октябрь көчөсүнүн №45 үйүнүн №12 батиринин тургуну Шанаева Мээркандын арызын карап чыгып шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссинын сунушунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                           ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын Октябрь көчөсүнүн №45 үйүнүн №12 батиринин тургуну Шанаева Мээрканга акысыз өткөрүлүп берилсин.

2.Коммуналдык менчик департаментинин балансынан муниципалдык реестринен Октябрь көчөсүнүн №45 үйүнүн №12 батирин чыгаруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

3.Ишке ашыруу жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге тапшырылсын.

4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                       Б.Маткаримов

 

 

                                          Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                             VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                      ТОКТОМ 24/4

13.03.2019 -жыл                                                        Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

№1-12/49 01.02.2019ж. кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомунун аткаруу максатында жана жер комиссиясынын мүчөлөрүнөн жумуштан бошогондугуна байланыштуу сунушталган комиссиянын курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                    ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жерлерди жана обьектерди сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

Аликеева Э.С. - вице-мэри, туруктуу комиссиянын төрайымы;

Усенов К.А. - шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;

                   Комиссиянын мүчөлөрү:

Талипов Р.Х. - жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;

Камбаров Ж.- өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча

                        башкы адиси;

Эргашев Ж.К.- коммуналдык менчик департаментинин бөлүм

                        башчысы;

Байдавлетов З.М.- шаардык кеңештин депутаты;

Эгамбердиев Н.К.- архитектор;

Ибригимова Ч.- жарандык коомдун өкүлү;

Чолпонбаев Ы.- кварталдык комитетинин төрагасы.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                Б.Маткаримов

 

 

                                       Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                          VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                 ТОКТОМ 24/5

13.03.2019 -жыл                                                                    Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме, ишканалар

2018-жылы аткарган иштери боюнча

маалыматтарын угуу жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме, ишканалар 2018-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп талкуулап         Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                 ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору 2018-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси Р.Насырованын маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2017-2018-окуу жылында аткарылган иштерин боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

3.Көк-Жаңгак шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы 2018-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси Ж.Айтмамбетованын маалыматы эске алынсын.

4.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2018-жылы жасаган иштери боюнча жетекчисинин орун басары И.Курбановдун маалыматы эске алынсын.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              Б.Маткаримов

 

 

                                           Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                               VII чакырылыштагы кезектеги ХХIV- сессиясы

                                                        ТОКТОМ 24/6

13.03.2019 -жыл                                                                   Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.07.2017-жылдагы

№2/1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык кенештин 03.07.2017-жылдагы № 2/1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап талкуулап чыгып    Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIV-сессиясы

                                                         ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Юсупов Уланбек Джалалидинович киргизилсин.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                     Б.Маткаримов

Просмотров: 135 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Статистика


Онлайн всего: 6
Гостей: 6
Пользователей: 0