Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/7
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/11
18.01.2019ж. кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 5-главасынын 3 пунктуна таянып Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэр бош кызмат ордун ээлөө боюнча карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы сунуштаган вице-мэрдин бош кызмат ордуна Аликеева Эльмира Сакыевнанын талапкерлигине Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары бир добуш менен макулдук беришти.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/8
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик
департаментинин 17.01.2019ж. № 2
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык коммуналдык менчик департаментинин 17.01.2019-жылдагы № 2 кайрылуу катынын негизинде шаардагы эски котельныйден чыккан 12 метр темир мооруну 40-кварталдагы сел өтүүчү арыктарга 4 метрден үч жерге орнотууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы эски котельныйден чыккан 12 метр темир мооруну 40-кварталдагы сел өтүүчү арыктарга 4 метрден үч жерге орнотууга уруксат берилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы КМДнын жетекчиси И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/9
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.07.2017-жылдагы
№2/1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык кенештин 03.07.2017-жылдагы № 2/1 токтому: кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутат Кожобекова Гульшаир Кадырбековна киргизилсин.
2. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Аширбаев Джиргалбек Асанович киргизилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/10
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 18.12.2018ж.
№1-12/936 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 18.12.2018-жылдагы № 1-12/936 катынын негизинде Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын эрдигин унутпоо үчүн эстелик орнотуу маселесин карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Ооган жана Баткен согушунун катышуучуларынын эрдигин унутпоо үчүн эстелик орнотуу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|