Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/4
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/9
16.01.2019ж. жана №1-12/6 15.01.2019ж.
кайрылуу каттары жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 15.01.2019-жылдагы № 1-12/6 Көк-Жаңгак шаарындагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянтын жана 16.01.2019-жылдагы № 1-12/9 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Конституция 10 үйүнүн жанында 300,0 кв. метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Гвардейская көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын Конституция 10 үйүнүн жанында 300,0 кв. метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
3.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/5
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер
практикалык борборунун 17.01.2019ж. №01/08
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 17.01.2019-ж. №01/0 кайрылуу катынын негизинде ТП-577 подстанциясында жайгашкан 630квттык трансформаторун специалистер жана каражат жоктугуна байланыштуу, ремонт жасоого мумкүчүлүк жок болгондуктан шаардын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунуна караштуу ТП-577 подстанциясында жайгашкан 630квттык трансформатору шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Шаардык коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизилгенден кийн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, инвентаризация жүргүзүп, акттын негизинде ОАО «Жалал-Абад электро» ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин. Өткөрүп берүү жагы шаардын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Р.Насыровага жүктөлсүн.
4.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|