Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 23/3
18.01.2019 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын стратегиялык
өнүгүү планына кошумча киргизилген обьектилерди
бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык мэриясынын 17.01.2019-жылдагы № 1-12/22 кайрылуу катынын негизинде шаардык мэриясынын стратегиялык өнүгүү планынын 2018-2021-жылдарга карата түзүлгөн иш-планына 2019-жылга Стратегиялык өнүгүү планына кошумча киргизилген обьектилерди карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2019-жылга карата кабыл алынган иш-планы бекитилсин.
(Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын иш-планы тиркелет).
2.Токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Бекитилди
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
18.01.2019-жылдагы 23-сессиясынын
23/3 токтому менен
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2019-жылга карата кабыл алган иш-планы
№
|
Кабыл алынган иш-чара
|
Чыгым каражат(миң сом)
|
Каржы булактары
|
Аткаруу мөөнөтү
|
Күтүлүүчү натыйжа
|
Аткарууга жооптуулар
|
Эскертүү
|
1.
|
№1 М.В.Фрунзе орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү
|
33100,0
|
КР мам. Курулуш агентиги-20000,0
|
2019-жыл
2-квартал
|
Инфраструктура оңдолот, мектеп окуучуларына шарт түзүлөт
|
Мэрия,
ШБББ
|
|
2.
|
23-кварталга жаңы бала бакча куруу
|
30000,0
|
КР. мам. Курулуш агентиги
|
2019-жыл
4-квартал
|
Жумуш орундары түзүлөт, мектепке чейинки балдарга шарт түзүлөт
|
Мэрия, ДКС
|
|
3.
|
Шардык оорукананын тосмолорун калыбына келтирүү
|
1000,0
|
Демөөрчүлөр тарабынан
|
2019-жыл
3-квартал
|
Инфраструктура оңдолот
|
Мэрия,ДКС,жеке ишкерлер
|
|
4.
|
Заманбап мончо куруу
|
2000,0
|
Демөөрчүлөр тарабынан
|
2019-жыл
4-квартал
|
Шаардын тургундарына кызмат көрсөтүүнүн шарты түзүлөт.
|
Мэрия, ДКС, Жеке ишкер
З.Садыков
|
|
5.
|
23-кварталындагы М.Матназаров көчөсүндөгү автоунаа өтүүчү көпүрө куруу
|
5000,0
|
КР,ӨКМ
|
2019-жыл
3-квартал
|
Инфраструктура оңдолот.Жол коопсуздугу түзүлөт.
|
Мэрия,ДКС
|
|
6.
|
Заманбап супер маркет куруу
|
1000,0
|
Демөөрчүлөр тарабынан
|
2019-жыл
2-квартал
|
Шаар тургундары арзан тамак аш менен камсыз болушат.
|
Мэрия,ДКС, Жеке ишке
Э.Мурзалиев
|
|
7
|
Т.Сатылганв атындагы №3 мектептин 1-4 класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштуруу
|
454,0
|
Мерсико-324,0
Жер.бюд 60,0 Демөөрчүлөр тарабынан 70,0 миң сом
|
2019-жыл
3-квартал
|
1-4 классынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болот
|
Мэрия,ШБББ
|
|
8
|
М.Фрунзе атындагы №1 мектебтин 1-4 класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштуруу
|
454,0
|
Мерсико-324,0
Жер.бюд 60,0 Демөөрчүлөр тарабынан 70,0 миң сом
|
2019-жыл
3-квартал
|
1-4 классынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болот
|
Мэрия,ШБББ
|
|
9.
|
Т.Сатылганов атындагы №3 мектептин кошумча окуу корпусун жана ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү
|
3300,0
|
КР МФ
Жер.бюджет
|
2019-жыл
3-квартал
|
Окуучуларга шарт түзүлөт.
|
Мэрия, ШБББ
|
|
10.
|
Ленин-Октябрь көчөлөрүнүн жана Атаханов-Октябрь көчөлөрүнүн кесилиштерине асфальт төшөө
|
500,0
|
КР МФ Жер.бюджет
|
2019-жыл
3-квартал
|
Инфраструктура оңдолот.Жол коопсуздугу түзүлөт
|
Мэрия, ДКС
|
|
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
|