Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:52 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2019 » Январь » 25 » 23/1,23/2 токтом тиркемеси менен
12:33 PM
23/1,23/2 токтом тиркемеси менен

                                  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                    VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы

                                        ТОКТОМ 23/1

18.01.2019 -жыл                                                      Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/2

10.01.2019-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 10.01.2019-жылдагы № 1-12/2 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,25га жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы

                                       ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан жалпы 0,25га жер аянттын ичинен: 3-05-14-1101-1782 сыр белгиленген 954,0 м2 жана 3-05-14-1001-1783 сыр белгиленген 1576,26м2 шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.

2.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансына киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                   Б.Маткаримов

 

 

 

 

                                   Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                        VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII- сессиясы

                                         ТОКТОМ 23/2

18.01.2019 -жыл                                                                 Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

2019-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин 2019-жылдын иш-планын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы

                                        ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2019-жылга койгон иш-планы

толуктоолорду киргизүү менен бекитилсин.

(Иш-план тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы :                                                      Б.Маткаримов

 

                                                             «БЕКИТИЛДИ»

                                                                                           Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

                                                                                                  18.01.2019ж. 23/2 токтому менен

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2019-ЖЫЛГА

КОЙГОН ИШ-ПЛАНЫ

п/п

Аткаруу

мөөнөтү

Каралуучу маселенин аталышы

Туруктуу

комиссиялар

1

2019-жыл январь айы

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2019-жылга иш- планын бекитүү.

2.Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүлөөрдү киргизүү.

3.2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчисинин маалыматын угуу.

4.2019-жылдын бюджеттин бекитүү жана 2020-2021 жж. бюджетинин божомолун (прогноз) кабыл алуу.

Шаардык кеңеш, бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссия, туруктуу комиссиялар

2

 

 

 

 

2019- жыл февраль, айы

1өк-Жаңгак шаардын мэриясы 2018ж. аткарган иштери боюнча Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун маалыматын угуу.

2.Шаардагы мекеме иш каналар 2018- жылы аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуу.

Шаардык кеңеш, туруктуу комиссиялар

 

 

3

 

2019-жыл март- апрель айы

 

 

 

1.Шаардагы канализация жана тазалоочу курулмалардын түтүмүнүн иши жана пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жана шаардын көчөлөрүн тазалоо боюнча шаардык муниципалдык департаметинин жетекчисинин маалыматын угуу.

2.Калкты жана аймактарды чукул кырдаалдарда коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жетекчисинин маалыматын угуу.

Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча комиссия.

4

2019- жыл апрел-май айы

1.Шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору)аткарган иштери, билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчисинин маалыматын угуу.

Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

 

5

 

 

 

2019- жыл май-июнь айы

1.Маданият бөлүмүнүн жетекчисинин (жергиликтүү маанидеги кипеткананын ишин уюштуруу, «Искусство» мектеби жана маданият уйу боюнча ) маалыматын угуу.

 

 

2.Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» балдар эс алуу борбору 2019-жылга даярдыгы боюнча арендатор Г.Баймуратованын маалыматын угуу.

Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссия

Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссия

 

6

 

 

 

2019-жыл июнь-июль айы

1.Даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында өз камсыз кылуу үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү жана ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо жөнүндө аткарган иштери боюнча жетекчисинен маалымат алуу.

3.Шаардык №71 кесиптик лицейдин билим берүү боюнча окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчисинин маалыматын угуу.

Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссия

7

2019-жыл июль- август айы

 

1.Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2019 жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган жумушу боюнча шаардын мэри У.Исмаиловдун маалыматын угуу.

2.Шаардын каржы бөлүмүнүн 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө жетекчисин маалыматын угуу.

Шаардык кеңеш

 

Тийиштуу туруктуу комиссиялар

 

 

 

8

 

2019- жыл август айы

 

1.Мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматын угуу.

2.Шаардык № 71 техникалык кесиптик лицейдин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жана билим берүүгө түзүлгөн шарттары туралуу жетекчисинин маалыматын угуу.

 

Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия.

9

2019-жыл сентябрь-октябрь айы

1.Кышка даярдык боюнча шаардагы бюджеттик ишканалардын жана УЭСтин жетекчилеринин маалыматтарын угуу.

 

 

Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба масселелер боюнча комиссия.

10

2019-жыл ноябрь айы

1.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүү.

Депутаттар

11

2019-жыл декабрь айы

1.Иш-планы боюнча жасалган иштерди жыйынтыктоо.

Депутаттар

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңешинин жоопту катчысы:                          У.Карабаева

Просмотров: 167 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2019  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0