Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ 22/1
31.10.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Кыргыз Республикасынын экономика жана
Финансы министирлигинин Көк-Жаңгак
башкармалыгынын катынын негизинде
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын кайрылуу
катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министирлигинин Көк-Жаңгак башакармалыгынын 27.10.2022-жылдагы № 01-14/17 кайрылуу катынын негизинде кайрылган Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 28.10.2022-жылдагы чыг. № 1-12/1066 кайрылуу катын кароо жөнүндө. Шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 28.10.2022-жылдагы № 4 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары, 2022-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүчү акча каражатын мекеме ишканалардын кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги XXII- cессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине 2022-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүчү 4740,0 (торт миллион жети жүз кырк) миң сом, анын ичинен:
11111100 « киреше булактарынын кармалуучу киреше салыгы – 1700,0 миң сом;
14151200 « лицензияны пайдалангандыгы үчүн кармоолор – 2800,0 миң сом;
11121100 « бирдиктүү салык – 240,0 миң сом
1.1 Шаардык мэрияга жалпысынан 522,0 миң сом каралсын анын ичинен:
Проект спорт залга – 100,0 миң сом;
Концелярия – 98,0 миң сом;
Текущий ремонт – 50,0 миң сом;
Көчөлөргө шагыл – 104,0 миң сом;
Компютер комплект – 170,0 миң сом;
1.2 Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 401,5 миң сом каралсын, анын ичинен:
Матназаров көчөсүнө латок орнотуу үчүн – 45,0 миң сом;
Суеркулов көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн – 27,5 миң сом;
Көлмө кварталына латок орнотуу үчүн – 60,0 миң сом;
Бульвар 40 лет Октября көчөсүнө жарыктандырууга – 89,0 миң сом;
ДКС күйүүчү майга – 50,0 миң сом;
ДКС трактордун арткы дөңгөлөктөрүнө – 55,0 миң сом;
Барс түнкү жарыктандыруу күйгөн лампаларды алмаштырууга – 75,0 миң сом;
1.3 Маданият бөлүмүнө жалпысынан 51,0 миң сом каралсын анын ичинен:
Маданият сарайынын бир бөлмөсунө капиталдык ремонтко – 30,0 миң сом;
Майрамдык иш чаралар үчүн – 21,0 миң сом.
1.4 Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 3565,7 миң сом анын ичинен:
ЦДТ чатырын оңдоого – 516,0 миң сом;
СШ №3 мектебинин ашканасына – 371,2 миң сом;
ДС №4 отканасын оңдоо иштерине – 35,0 миң сом;
ДС № 1электро радиатор алты даана – 27,0 миң сом;
Шаардык билим берүү аппарат – 30,0 миң сом;
СШ № 1мектеп ашкана – 112,7 миң сом;
Көмүр сатып алуу – 2474,3 миң сом.
1.5 Шаардык библиотекага 132,9 миң сом анын ичинен:
Видео көзөмөл орнотууга – 30,0 миң сом;
Стол 14 даана – 53,2 миң сом;
Стул 10 даана – 27,0 миң сом;
Китеп текче 2 даана – 14,4 миң сом;
Электро зым - 1,5 миң сом;
Ток канал – 1,0 миң сом;
Резетка – 5,8 миң сом;
1.6 Шаардык кеңешке 66,9 мин сом анын ичинен:
Компьютер комплект – 66,9 миң сом.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз
Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Көк-Жаңгак
башкармалыгынын жетекчиси К. Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXII - сессиясы
ТОКТОМ 22/2
31.10.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы зоналдык
коэффициентти бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл чыг. № 1-12/1053 кайрылуу каты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 26.10.2022-жылдагы № 01/1-32/3267 сандуу жана Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 26 - октябрындагы № 039/22/21-1-7/1006 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициенттке чейин өлчөмдө беките алат.
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 27.10.2022-жыл № 1-12/1053 кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттерин жергиликтүү кеңеш кодексте көрсөтүлгөн өлчөмгө ылайык 0,3 коэффициенттен 2,0 коэффициентке бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б. Замирбековго жүктөлсүн.
3. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|