Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
(VI чакырылышы) кезексиз ХХII- сессиясы
ТОКТОМ 22/1
26.06.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
30.05.2009-жылдагы VII- cессиясынын
7/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 24.06.2015-жылдагы № 69-0 кайрылуусун жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 30.03.2009-жылдагы 7/3 кабыл алынган токтом менен таанышып чыгып мурдагы №1 бала бакчасын Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө кайтырып алуу үчүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 219 буйругунун негизинде, мектепке чейинки билим алуу укугун камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылышы) ХХII-сессиясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 10-беренесине ылайык
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин эл депутаттарынын 30.05.2009-жылдагы VII-сессиясынын 7/3 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун мыйзамдуу түрдө жана Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 219 буйругунун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г.Садыковага) тапшырылсын.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
(VI чакырылышы) кезексиз ХХII- сессиясы
ТОКТОМ 22/2
26.06.2015 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
26.06.2015-жылдагы № 72-0 кайрылуу
каты жөнүндө
Көк-Жангак шаардын мэриясынын кайрылуусун карап талкуулап шаардык билим берүү бөлүмүнүн арызы боюнча № 1 орто мектебинин котельныйын ремонтоо үчүн 48,0 мин сом жергиликтүү бюджеттин кошумча кирешелерден карап берүүнү, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI-чакырылышы) кезексиз ХХII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын 2015-жылдын экинчи жарым жылдын кошумча кирешелеринин эсебинен № 1 орто мектебинин котельныйын ремонтоо үчүн 48,0 мин сом акча каражаты каралсын.
2.Кошумча кирешелерди түшүрүү жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардын каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашовго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|