Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXI- сессиясы
ТОКТОМ 21/1
20.10.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаардык мэриясынын
кайрылуу катынын негизинде №2 «Ромашка»
балдар бакчасына проект үчүн акча бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жангак шаардык мэриясынын № 1-12/1014 18.10.2022-жылдагы кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын №2 «Ромашка» балдар бакчасынын проектин ишке ашыруу үчүн, өздүк салымга бөлүнгөн 480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча каражатын, билим берүү бөлүмүнүн эсебине которуп берилсин.
2. Ушул токтомдун акткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарнын мэри
Б. Замирбековго жүктөлсүн.
3. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|