Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ 21/1
13.12.2018- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021ж.
карата стратегиялык өнүгүү планына толуктоо
жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына толукто жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү иштери Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына киргизилсин.
2.Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ 21/2
13.12.2018- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы
№ 3 орто мектебинин кошумча окуу корпусу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусунун чатырын жана ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин түрткү гранттан карала турган долбоордун 12% түзгөн өздүк салымын 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин кошумча окуу корпусунун чатырын жана ашканасын 2019-жылдын эсебинен жергиликтүү бюджеттен капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун 12% өлчөмү 399550 (Үч жүз токсон тогуз миң беш жүз элүү сом) каралсын.
2.Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ 21/3
13.12.2018- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык
жерлерди коммуналдык менчик департаментинин
балансына алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 07.12.2018-жылдагы № 1-12/900 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы ижарага берилген жана берилүүчү муниципалдык жерлерди муниципалдык менчике коммуналдык менчик департаментинин балансына алуу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы ижарага берилген жана берилүүчү 52га муниципалдык жерлерди муниципалдык менчике коммуналдык менчик департаментинин балансына алынсын.
2.Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансына киргизүү жагы КМДнин бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ 21/4
13.12.2018- жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
12.12.2018ж. № 1-12/918 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 12.12.2018-жылдагы № 1-12/918 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы «Искусство» мектебинин имаратын жана борборлоштурулган китепкананын жер аянттарын бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Искусство» мектебинин имараты 0,17га жана борборлоштурулган китепкананын 0,18га жер аянттарын бекитип берилсин.
2.Мамлекеттик актысын жана техпаспорторун алуу жагы маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кунанбаевге жүктөлсүн.
3.Көк-Жаңгак шаарындагы Железнодорожный көчөсүндөгү имаратын жана 0,08га жер аянты менен Сузак райондук соц.фондун кайрылуусунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчике өткөрүлүп берилсин жана КМДнын балансына алынсын.
4.Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык реестрине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
5.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
ТОКТОМ 21/5
13.12.2018- жыл Көк-Жаңгак шаары
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу»
наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары 2018-жылдын жыйынтыгы менен «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
-Аширбаев Каныбек Асанович-Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, Жалал-Абад шаарындагы № 3 Р.Санатбаев атындагы балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык даярдоо спорттук мектебинин машыктыруучусу;
-Алимбаев Мирланбек Кубанычбекович- Көк-Жаңгак шаарынын имам-хатиби.
-Шерматов Таалайбек Эрмекбаевич-Көк-Жаңгак шаарынын тургуну.
2. «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган инсандарга, күбөлүк жана башка керектүү жасалгаларды даярдап берүү жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткаруулусун уюштуруу жана камсыздоо жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|