Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезексиз XX-сессиясы
ТОКТОМ 20/1
15.09.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын Жергиликтүү Жамааттарынын
өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезексиз XX-сессиясы
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 13.09.2022-жылдагы № 01/1-32/2652 сандуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынгда Жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10:00 Көк-Жаңгак шаарынгда борбордук стадионунда өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн шаардык кварталдарга бөлүнсүн:
3. Көк-Жаңгак шаарында делегаттардын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана кварталдарга төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:
- Спутник кварталы – 10 (он) адам;
- Көлмө кварталы – 10 (он) адам;
- Эски Көк-Жаңгак кварталы – 10 (он) адам;
- Центр кварталы – 10 (он) адам;
- 40 кварталыы – 10 (он) адам;
- Зона квараталы- 10 (он) адам;
- 23 кварталы- 10 (он) адам;
- 23/2 кварталы – 10(он) адам;
- Черемушка кварталы – 10 (он) адам;
- Раззаков кварталы – 10 (он) адам;
4. Ар бир кварталдын бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги
17.10. 2022-жылдан 21.10.2022-жылга чейин деп белгиленсин.
5. жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир кварталда жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Спутник кварталы – Кожобекова Гульшайыр
- Көлмө кварталы – Сатыбалдыев Бакыт
- Эски Көк-Жаңгак кварталы – Тургумбаев Самат
- Центр кварталы – Исаев Жаныбек
- 40 кварталыы – Байдавлетов Заирбек
- Зона квараталы- Ермекбаев Чынгыз
- 23 кварталы- Рысмамбетова Жумакан
- 23/2 кварталы – Матаева Кыздаркан
- Черемушка кварталы – Омошев Раимбек
- Раззаков кварталы – Ташбулатов Бакыт
6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 9 (тогуз) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Байдавлетов Заирбек – жумушчу топтун төрагасы, шаардык кеңештин төрагасы;
2. Айтмамбетова Жылдыз – жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
3. Камбаров Жакып – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси;
4. Исмаилов Болотбек – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
5. Кыдыралиева Зуура – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
6. Усенов Кадыржан – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
7. Мамашов Алмазбек – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
8. Мурзаканова Миргул - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси;
9. Исаев Жаныбек – жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
7. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|