Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:44 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2022 » Декабрь » 2 » 20 сессиянын 20/2 токтом жана жобо
9:26 AM
20 сессиянын 20/2 токтом жана жобо

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы

кезексиз XX- сессиясы

 

 ТОКТОМ  20/2

 

15.09.2022-жыл.                                                    Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жангак шаардык мэриясынын алдында

“Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу комитетин түзүү” жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы

кезексиз   XX-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жангак шаардык мэриясынын алдында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча комитеттин курамы 11 адамдан турган жергиликтүү комитет түзүлсүн.

 

2. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын алдында үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин Жобосу бекитилсин.

 

3. Үй-бүлөөлүк зомбулукту токтотуу комитетинин 2022-жылга үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу боюнча иш-чаралардын планы түзүлсүн.  

 

4. Ушул токтомдун акткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарнын мэри

 Б.Замирбековго жүктөлсүн.

 

5. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                        З.Байдавлетов

 

Бекитемин

Көк-Жангак шаардык

кенешини төрагасы

_________________ З. Байдавлетов

“_______”___________ 2022-ж.

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет жөнүндө

ЖОБО     

Жалпы жоболор

    1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети (мындан аары кыскача ҮБЗТК деп аталат) Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” Мыйзамынын 19 беренесинин 6 пунктунун талаптарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулукту, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу максатында курамы мамлекеттик, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, дин кызматкерлеринин өкүлүнөн жана жергиликтүү жамааттардын башка мүчөлөрүнөн турган ведомостволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенишүү үчүн коомдук башаталышта түзүлгөн дайыма иштей турган коллегиялык орган.
    2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
    3. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын буюртмаларына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.

2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин максаттары

2.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат: 

- Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин иш пландарына үй-бүлөөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукту токтотуу маселелерин камтуу менен иштеп чыгышат жана шаардык кеңешинин сессиясына бекитүүгө алып чыгат.

- Үй-бүлөлүк зомбулукту анализин жүргүзүп, шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын талкуулоосуна алып чыгат;

4.2. Үй – бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелерине арналган коомдук демилгелерди кароого;

4.3. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелери боюнча кабыл алына турган же кабыл алынган чечимдердин жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштарды берүү;

4.4. Өз ишмердүүлүгүнө улуттук, эл аралык, жергиликтүү эксперттерди, илимий ишмерлерди тартууга;

4.5. Тиешелүү маселелерге ылайык семинар, конференция, тегерек стол, коомдук угууларды, маалымааттык жыйындарды уюштурууга жана  өткөрүүгө;

4.6. Өз компетенцияларын чегинде масалелерди талкуулоо боюнча ҮБЗТКтин кеңешмелерине тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, жооптуу кызматкерлерин чакырууга;

4.7. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматашуусуна көмөк көрсөтүүгө;

4.8. Өз ишмердүүлүгү тууралуу Жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

4.9. Зарыл болгон учурда убактылуу жумушчу топторду, комиссияларды түзүүгө;

4.10. Өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тыюу салбаган булактар аркылуу каржы булактарын тартууга укуктуу.

 

 

5.   Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин

калыптанышы жана анын иш регламенти

 

5.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети

жергиликтүү кеңеш менен калыптанат;

5.2. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет

шаардык кеңешине жана мэрияга отчет берет.

5.3. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет коомдук кызыкчылыктардын эсеби менен калыптанат, анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү укук коргоо структураларынын, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин, диний уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын, жарандык коомдун, аксакалдар сотунун, аялдар кенешинин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) жана башкалар кирет.

5.4. Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет мамлекеттик уюмдардын, жарандык коомдук уюмдардын жана калктын кызыкчылыктарын чагылдырган коомдук орган катары шаардык кенештин жана шаардык мэриянын кароосунда бекитилген Жобого ылайык маселелерди алып чыга алат.

5.5. Жергиликтүү комитеттин башчысы комитеттин отурумунда шайланат, анын мөөнөтү бүткөндө шаардык мэрия менен макулдашуу боюнча төрага же активдүү мүчөлөрдүн бири төрага болуп шайланышы мүмкүн. Жергиликтүү комитеттин башчысында орун басар жана катчы болот. Комитеттин отуруму протокол менен таризделип, ага бардык кабыл алынган чечимдер жазылат жана ага төрага жана катчы кол коюшат.

5.6. Жергиликтүү комитеттин отурумдары бир айда бир жолудан кем эмес аралыкта өткөрүлөт, ал эми зарыл болгон учурда Комитеттин кезексиз отурумдары өткөрүлүшү мүмкүн. Комитеттин отуруму, эгерде ага комитеттин жарымынан көбүрөөгү катышса укуктуу болуп саналат, анын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

5.7. Комитеттин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ, анын кабыл алган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдик байланыш аркылуу тиешелүү бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилиши мүмкүн.

5.8. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү иш пландарынын негизинде ишке ашырылат.

5.9. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык мэрия тарабынан каржыланат.

5.10. Жергиликтүү кеңештин укуктук-ченемдик актылары юстиция органдарында катталат жана массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирет.

 

Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу

комитетинин төрайымы:                                                    З. Кыдыралиева

 

 

Катчысы:                                                                                 Ж. Кадырахун кызы

Просмотров: 38 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2022  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0