КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1-УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ
ТО К Т О М 1/1
17.05.2021 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин регламенти өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен кабыл алынсын.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Байдавлетов З.М.
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1-УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ
ТО К Т О М 1/2
17.05.2021 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренисинин, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин регламентинин 3-главасына ылайык жана Көк-Жаңгак шаардык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептоо комиссиясынын 2-протоколун угуп, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагалыгына добушка коюлган талапкерлердин ичинен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Байдавлетов Заирбек Максатбекович шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңешинин төрагасы: Байдавлетов З.М.
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1-УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ 1/3
17.05.2021 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренисинин , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин регламентинин 3-главасына ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп
Мамбетов Нурланбек Исмаилбекович жана Темирбаев Максат Нурланбекович шайланышты деп эсептелсин.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңешинин төрагасы: Байдавлетов З.М.
|