Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ 19/1
25.08.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
17/3 токтом менен бекитилген
КР Президентинин №54 жарлыгынын
негизиндеги жобого өзгөртүү киргизүү.
Көк-Жаңгак шаардын мэри Б. Замирбековдон келген 04.08.2022-жыл
№ 01-12/686 катына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү
үрп - адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө № 54 жарлыгы Көк-Жаңгак шаардык мэриясынан келген 25.05.2022-ж №01-12/402 кат 31.05.2022-жыл
17/3 токтому менен бекитилген жобону карап талкуулап чыгып өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаар аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан жобого өзгөртүү киргизилип бекитилсин.
2. Ушул ТОКТОМдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбеков Баяман Замирбековичке милдеттендирилсин.
3. Ушул ТОКТОМдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ 19/2
25.08.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин комиссиясынын
курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Көк-Жангак шаардык кеңешинин 21.05.21-жыл 2/1 ТОКТОМ менен бекитилген экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер комуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамын өзгөртүү.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жангак шаардык кеңешинин экономика өндүрүш жана инвестиция
тартуу, жер комуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба
маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамын өзгөртүлсүн.
2. Комиссиянын курамына жаңыдан кирүүчүлөр:
Ташбулатов Бакыт Токсамбайевич
Чыныбеков Шумкар Калмаматович
3. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ 19/3
25.08.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Жер тилкесин муниципалдык
менчике өткөрүп берүү жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 23.08.2022-ж № 82 катын кароо.
Көк-Жаңгак шаарынын Строительная көчөсүндөгү №1 Фрунзе мектебинин батыш тарабында жайгашкан 0,12 га жер аянты муниципалдык менчике алуу жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Строительная көчөсүндөгү №1 Фрунзе мектебинин батыш тарабында жайгашкан 0,12 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри
Замирбеков Баяман Замирбековичке милдеттендирилсин.
3. ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жангак шаардык кеңешинин экономика өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер комуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
ТОКТОМ 19/4
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы
кезектеги XIX-сессиясы
25.08.2022-жыл. Көк-Жаңгак шаары
Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылга долбоору
жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык финансы башкармалыгынын 25.08.2022-жыл
№ 01-14/16 каттын негизинде жергиликтүү бюджеттин 2023-жылга долбоору жана 2024-2025-жылдарга болжолун кароо.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)
кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2023-жылга долбоорун жана 2024-2025-жылдарга болжолу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык финансы башкармалыгынын жетекчиси К. Маткаримовго жүктөлсүн.
3. Ушул ТОКТОМ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк- Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|