Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ 8/1
19.11.2021 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын
күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматтарын угуу
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2021-жылы шаардык мекеме-ишканалардынкүз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешининдепутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековдун 2021-жылдын 9ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарган иштеринин жана күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн (мектептер, бала-бакчалар жана Балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, күз-кыш мезгилине даярдыгы жана билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.
3.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси И.Абдурасуловдун маалыматы эске алынсын.
4.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунункүз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси К.Байдавлетовдун маалыматы эске алынсын.
5.Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн («Искусство» мектеби, китепкана)күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси Н.Шекееванын маалыматы эске алынсын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Байдавлетов З.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ 8/2
19.11.2021 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
№ 1-12/672 07.09.2021ж.
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак участкасында жайгашкан 45-46 эски Шахтанын такталган жер аянтын 0,77 га жер тилкесин муниципалдык реестрине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак участкасында жайгашкан 45-46 эски Шахтанын такталган жер аянтын 0,77 га жер тилкеси муниципалдык реестрине бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|