Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:44 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2022 » Июнь » 2 » 17-сессия
7:29 AM
17-сессия

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 ( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XVII сессиясы

 

 ТОКТОМ 17/1

 

31.05.2022-жыл.                                                    Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык Финансы башкармалыгынын

№01-14/15 30.05.2022-ж  кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык Финансы башкармалыгынын 30.05.20022-ж. №01-14/15 кайрылуу катынын негизинде, сиздерге Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылда пландан ашыкча күтүлүүчү 2500,0 (Эки миллион беш жуз) миң сом акча каражаттын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)  кезесиз XVII сессиясы

                                      

                                            ТОКТОМ кылат:

 

1. Жергиликтүү бюджеттин салык агенттинен кармалуу киреше салыгы 2500,0

 (эки миллион беш жүз) миң сом көбөйтүлсүн.

 

2. Көк-Жаңгак шаардык мэрияга жалпысынан 880,0 (сегиз жүз сексен) миң сом каралсын: анын ичинен 2215-бер. 200,0 (эки жүз) миң сом,  3111-бер. 680,0 (алты жүз сексен) миң сом. 

 

 

3. Көк-Жаңгак шаардык комуналдык менчик департаментине жалпысынан

895,0 (сегиз жүз токсон беш) миң сом каралсын: анын ичинен 2221-бер. 250,0

(эки жүз элүү) миң сом, 2215-бер. 30,0 (отуз) миң сом, 3111-бер. 615,0 (алты жүз он беш) миң сом.

 

4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпы 725,0 (жети жүз жыйырма беш) миң сом бөлүнсүн,  анын ичинен:

Балдар бакчаларына   2212-берене  200,0 (эки жүз) миң сом

                                      2215-берене  80,0 (сексен) миң  сом

                                      2221-берене 150,0 (жүз элүү) миң сом

                                      3111-берене 100,0 (жүз) миң  сом

Мектептерге                2222-берене  50,0 (элүү) миң  сом

                                      3111-берене 140,0 (жүз кырк) миң сом

Аппаратына                 2211-берене 5,0   ( беш) миң сом

 

5. Ушул токтомдун аткарылышы шаардын мэрдин милдетин аткаруучу

вице мэр. О.Мамытовго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак финансы башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин. 

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

7. Бул ТОКТОМ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                        З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                             (VIII чакырылыштагы)  кезексиз XVII сессиясы

 ТОКТОМ  17/2

31.05.2022-жыл.                                                    Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу

Атуулу наамын ыйгаруу жөнундө

 

 Көк-Жаңгак шаар  дык кенештин депутаттары

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулдары» наамын

ыйгаруу жөнүндө сунушту карап талкуулап,

Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIIIчакырылыштагы) кезексиз XVII сессиясы

                                        ТОКТОМ кылат:

1.  Кок-Жангак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн, элдин сый урматына татыган Көк-Жаңгак шаарынын тургундары  Джумабаев  Жолборсали Молдалиевич, Эшмуратов Кимсанбай Алимович жана Кожобекова Гулшайыр Кадырбековна «Кок-Жангак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.   

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                        З.Байдавлетов

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

  ( VIII чакырылыштагы ) кезексиз XVII сессиясы

 ТОКТОМ17/3

31.05.2022-жыл.                                                    Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 01-12/402

25.05.2022-ж кайрылуу каты жөнүндө

 

  Көк-Жаңгак шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө № 54 жарлыгынын негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан жобону Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы)  кезексиз XVII сессиясы                                     

                                          ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаар аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык мэрисы тарабынан иштелип чыккан жобо бекитилсин.

2. Ушул ТОКТОМдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардын мэринин милдеттин аткаруучу вице мэр. О. Мамытовго жүктөлсүн.  

3. Ушул ТОКТОМдун козомолго алуу жагы Кок-Жангак шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.   

 

Көк- Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                        З.Байдавлетов

 

 

 

 

Просмотров: 57 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Июнь 2022  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0