Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:59 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2022 » Апрель » 28 » 17-сессиянын токтомдору
5:50 AM
17-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

 (VIII чакырылыштагы)  кезексиз  ХVI сессиясы

ТОКТОМ 16/1

26.04.2022-жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 21.04.2022ж.

№01-12/308 кайрылуу каты  жөнүндө

               Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 21.04.2022-жылдагы №01-12/308  кайрылуу катынын негизинде  Көк-Жаңгак шаарындагы Р.Суеркулов көчөсүндөгү №31 КМДнын балансындагы муниципалдык менчигинде турган 0,25га жер тилкесинин 400 м/кв жер аянтына намазкана курууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХVI сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Р.Суеркулов көчөсүндөгү №31 КМДнын балансындагы муниципалдык менчигинде турган 0,25га жер тилкесинин 400 м/кв жер аянтына намазкана куруу үчүн уруксат берилсин.

2.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине, курулуш иштерин жүргүзүү жагы жамаатка жана Мамбетов Тойчубек Карабековичке жүктөлсүн.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                      З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

 (VIII чакырылыштагы)  кезексиз  ХVI сессиясы

ТОКТОМ 16/2

26.04.2022-жыл                                           Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.04.2022ж.

№01-12/267 кайрылуу каты  жөнүндө

               Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 06.04.2022-жылдагы №01-12/267  кайрылуу катынын негизинде  Көк-Жаңгак шаарындагы Борбордук паркты реконструкциялоо иштери Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду аркылуу карала турган  долбоордун 32,1% түзгөн өздүк салымын  2022-жылдын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентствосунун эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 1 775 586 (бир миллион жети жүз жетимиш беш миң беш жүз сексен алты) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып,  (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХVI сессиясы

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы Борбордук паркты долбоордун негизинде реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 254 638 (эки жүз элүү төрт миң алты жүз отуз сегиз) сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 128 330 (бир жүз жыйырма сегиз миң үч жүз отуз) сом жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентствосу аркылуу 1 392 618 (бир миллион үч жүз токсон эки миң алты жүз он сегиз) сом каралсын.

2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго  жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин   Көк-Жаңгак башкармалыгынын  жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                            З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

 (VIII чакырылыштагы)  кезексиз  ХVI сессиясы

ТОКТОМ 16/3

26.04.2022-жыл                                               Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 25.04.2022ж.

№01-12/322 кайрылуу каты  жөнүндө

               Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 25.04.2022-жылдагы №01-12/322  кайрылуу катынын негизинде «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан каржылоо үчүн каралган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты боюнча шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып,  (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХVI сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан каржылоо үчүн каралган 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Зона кварталынын негизги көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө жумшалсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Замирбековго  жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин   Көк-Жаңгак башкармалыгынын  жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                     З.Байдавлетов

Просмотров: 92 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Апрель 2022  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930

Статистика


Онлайн всего: 7
Гостей: 7
Пользователей: 0