Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:48 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2022 » Апрель » 13 » 15-сессиянын токтомдору
5:58 AM
15-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХV сессиясы

 

ТОКТОМ 15/1

08.04.2022 -жыл                                     Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын       

2021-жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу

                 Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2021-жылы  шаардык мекеме-ишканалардын аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги     ХV сессиясы

ТОКТОМ кылат:                                                    

1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековдун  2021-жылдын 12 ай ичинде  социалдык-экономикалык тармактарында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Көк-Жаңгак шаарындагы милиция бөлүмчөсүнүн начальниги Р.Каримовдун 2021-жылга карата маалыматы эске алынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык  

кеңештин төрагасы:                                  Байдавлетов З.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХV сессиясы

 

ТОКТОМ 15/2

08.04.2022 -жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

регламентин бекитүү жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  жана  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  мыйзамдарына   ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө карап, талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын  (VIII чакырылыштагы) кезектеги     ХV сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   Типтүү регламенти бекитилсин.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                   Байдавлетов З.М

Просмотров: 57 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Апрель 2022  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930

Статистика


Онлайн всего: 9
Гостей: 9
Пользователей: 0