Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:38 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2022 » Март » 9 » 14-сессиянын токтомдору
6:26 AM
14-сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезеrтеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/1

03.03.2022-жыл                                                Көк-Жаңгак шаары

 

Кыргыз Республикасынын финансы

министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын

жетекчиси К.Маткаримовдун 2021-жылдын

бюджетинин аткарылышы

боюнча маалыматын угуу 

 

            Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                З.Байдавлетов 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/2

03.03.2022-жыл                                                    Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жангак шаардык кеңештин

21.05.2021-жылдагы №2/2 токтомуна

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

         Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 1-12/94 кайрылуу катынын негизинде, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап, VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаардык  мэриясынын турак үй куруу үчүн жер аянттарын берүү боюнча  туруктуу комиссиясынын курамын  төмөнкүдөй бекитилсин:

    Мамытов О. -  Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри, комиссиянын  төрагасы;

    Омошев Р.-  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;

                                 Мүчөлөрү:

    Мамасадыков Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жарандык коргонуу боюнча башкы адис; 

    Камбаров Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;      

    Талипов Р. -  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча  жетектөөчү адиси;                

    Эгамбердиев Н.- Сузак районунун архитектура башкармалыгынын адиси;   

    Бааев Т.-  Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө  укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;

    Дубанаев У. - Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;

    Матаева К. - Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты.

 

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                             З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/3

03.03.2022-жыл                                                  Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жангак шаардык кеңештин

21.05.2021-жылдагы №2/3 токтомуна

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

         Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 1-12/95 кайрылуу катынын негизинде, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап, VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык  мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

    Мамытов О. -  Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри, комиссиянын  төрагасы;

    Исмаилов Б. -  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;

                                 Мүчөлөрү:

    Мамасадыков Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жарандык коргонуу боюнча башкы адис; 

    Камбаров Ж.-  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;      

    Талипов Р. -  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча жетектөөчү адиси;               

    Абдурасулов И. – Коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси, убактылуу мүчө;

    Дубанаев У. - Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;

    Матаева К.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;

    Омошев Р. - Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты.                                

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                              З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/4

03.03.2022-жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 

№ 1-12/106  24.02.2022-ж.

кайрылуу  каты жөнүндө

                                                

             Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде    Көк-Жаңгак шаарындагы Ремесленный №9 жериндеги 400,0 кв/м жер тилкесин муниципалдык реестрине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Ремесленный №9 жериндеги 400,0 кв/м жер тилкесин муниципалдык реестрине бекитилип берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине  киргизүү жагы шаардык мэриянын тиешелүү адисине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык                                                              кеңештин төрагасы:                                             З.Байдавлетов 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/5

 

03.03.2022-жыл                                                  Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 

2022-2025-жылдарга карата

Стратегиялык Өнүгүү планынына

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

        Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 02.03.2022-жылдагы №1-12/121 катынын негизинде шаардык мэриянын 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жангак шаарындагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө Кыргыз республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2024-жылдан 2023-жылга жылдырылсын.

2. Шаардын борбордук көчөлөрүнө, эс алуу паркына видео байкоо орнотуу үчүн 2025-жылдан 2023-жылга жылдырылсын.

3. Зона кварталынын негизги көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн 2023-жылга киргизилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                 З.Байдавлетов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/6

 

03.03.2022-жыл                                                  Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 

Стратегиялык Өнүгүү планынын

2022-2025-жылдарга карата иш-планын

аткаруу жөнүндө

 

        Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планын аткаруу максатында шаардагы Шахтер көчөсүнө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жангак шаарындагы Шахтер көчөсүнө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.

2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                  З.Байдавлетов 

 

 

 

  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ 14/7

 

03.03.2022-жыл                                              Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 

Стратегиялык Өнүгүү планынын

2022-2025-жылдарга карата иш-планын

аткаруу жөнүндө

 

        Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планын аткаруу максатында шаардагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жангак шаарындагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.

2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция  тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                   З.Байдавлетов 

 

Просмотров: 99 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Март 2022  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0