Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:51 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2014 » Декабрь » 29 » 13 Сессиянын токтомдору
11:04 AM
13 Сессиянын токтомдору

Кок-Жангак шаардык кенешинин

(VI чакырылышы) кезексиз  ХIII- сессиясы

ТОКТОМ 13/1

 

03.12.2014 жыл                                                                                 Кок-Жангак шаары

 

Кок-Жангак шаардык кенешинин бюджет,

финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу

комиссиясынын 01.12.2014- жылдагы протоколунун

негизинде бюджеттик мекеме ишканаларга акча каражатын болуп

беруу жонундо

 

 

              Кок-Жангак шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселер боюнча туруктуу комиссиясынын 01.12.2014 жылдагы жыйынынын чечиминин негизинде  2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен пландан сырткары кошумча салык жана салык эмес жыйындардан ашыкча тушкон акча каражаттын эсебинен бюджеттик мекеме ишканаларга болуп беруу жонундо карап, талкуулап  Кок-Жангак шаардык кенешинин кезексиз ХIII- сессиясы

 

Токтом кылат :

1.Шаардык мэриянын электр энергиясынын  карызына  35,0 (Отуз беш мин.)

    сом акча каражаты болунуп берилсин.

2.Шаардык социалдык онугуу башкармалыгына :

1) 3 декабрь майыптар кунуно карата 150 майып жарандарга 200 сом

олчомундо материалдык жардам корсотуго 30,0 мин сом;

2) Мумкунчулугу  чектелген адамдарга жана жакыр уй-булолорго комур-отун алуу учун 27,0 мин сом ;

3) Каза болгон жарандарга бир жолку толонучуу акча (погребение) 30,0  мин сом ;

4) Жарты жетим жана тоголок жетим балдарга кам коруу  максатында  

     жаны жылдык белектерди даярдоо учун 20,0 мин сом ;

     баардыгы болуп 107,0 (Бир жуз жети мин) сом болунуп  берилсин.  

 

3.Шаардык № 7 балдар бакчасына жаны тайпа ачууга жана  бош турган болумуну ремонт

   кылыш учун  50,0 (Элуу мин) сом  акча каражаты болунуп берилсин.

4.Кок-Жангак шаарынын  аксакалдар сотунун торагасына канцелярдык товар

   алууга жана иштетууго мэрия аркылуу 5,0 (Беш мин ) сом  акча каражаты

   шаардык мэрия аркылуу болунуп  берилсин.

5.Кок-Жангак шаардык «Шар-Булак» озун-озу камсыз кылуу ишканасына Ленин

   кочосундогу  жана Черемушка кварталындагы суу тутукчосун ондоо  учун 5,0 (Беш мин)  

   сом акча  каражаты коммуналдык менчик департамент  аркылуу болунуп берилсин.

6.Бул токтомдун аткарылышы  шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы

   болумунун жетекчиси Ж.Эргашовго милдеттендирилсин жана жергиликтуу

   бюджеттин киреше жана  чыгаша болукторуно озгортуу киргизилсин.

7.Бул токтомду козомолдоо жагы кенештин бюджет, финансы жана салык

   масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

8.Бул токтом расмий жарыяланган кундон тартып кучуно кирет.

 

 

Кок-Жангак шаардык

кенешинин торагасы:                                                                        Б.М.Исмаилов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кок-Жангак шаардык кенешинин

(VI чакырылышы)  кезексиз ХIII- сессиясы

ТОКТОМ 13/2

 

03.12.2014 жыл                                                                                 Кок-Жангак шаары

 

Кок-Жангак шаарынын тургуну

Г.Э.Алимбаеванын арызынын негизинде аптека

куруу учун жер тилкесин болуп беруу жонундо

 

             Кок-Жангак шаардык кенешинин экономика-ондуруш  жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.11.2014-жылдагы жыйынынын чечимин  карап, талкуулап

Кок-Жангак шаардык кеёешинин  кезексиз ХIII- сессиясы

 

Токтом кылат :

 

1.Кок-Жангак шаардык   жалпы дарыгерлер борборунун короосунан 100 кв.метр жер

   тилкеси аптека куруу учун Г.Алимбаевага сатып алууга уруксат берилсин.

2.Болунуп берилген  жер тилкесине келечекте Кок-Жангак шаарынын элине керек болгон,

   заманбап, керектуу нормаларга жооп берген аптека куруу жагы Г.Алимбаевага

   жуктолсун.

3.Кок-Жангак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине караштуу болгондуктан

   мыйзамдын чегинде жер тилкесин болуп беруу боюнча иш кагаздарын коммуналдык

   менчик департаментинин архитектору Ж.Достановго жана муниципалдык менчик

   болумунун башчысы Э.Аликеевага жуктолсун.

4.Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.

5.Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин  экономика-ондуруш жана

   инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык  менчик жана

   айыл чарба маселелер боюнча   туруктуу  комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Кок-Жангак шаардык

кенешинин торагасы:                                                                     Б.М.Исмаилов

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кок-Жангак шаардык кенешинин

(V1 чакырылышы)  кезексиз ХIII- сессиясы

ТОКТОМ 13/ 3

 

03.12.2014 жыл                                                                                 Кок-Жангак шаары

 

Кок-Жангак шаардык кенешинин токтомдорун

мамлекеттик тилде кабыл алуу жонундо

 

          «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын 2011 жылдын 15 июлундагы № 101 мыйзамынын 31 беренесине жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундо » Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортулорду\ жана толуктоолорду киргиуу\ туралуу» Кыргыз Республикасынын 2013 жылдын 22 февралындагы № 30 мыйзамынын 1-беренесинин 2-болугунун негиз, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жонундо» Кыргыз Республикасынын 2009 жылдын 20июлундагы № 241 мыйзамынын 27-28 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009 жылдын 8 декабрындагы № 743, 2010 жылдын 25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жонундо» жоболордун талаптарына ылайык, Кок-Жангак шаардык кенешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизуу учун Жалал-Абад облустук  юстиция башкармалыгына оз убагында жонотууну камсыз кылуу максатында, Кок-Жангак шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Кок-Жангак шаардык кнёешинин (V1 чакырылышы ) ХIII- сессиясында   

    кабыл алынып жаткан токтомдор жана мындан кийинки алынуучу

    токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2.Кок-Жангак шаардык кенешинин  токтомдору Кок-Жангак шаардык

   кенешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru жарыялынсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын козомолгоо алуу жагы Кок-Жангак шаардык

   кенешинин торагасы Б.Исмаиловго жана шаардык кенештин туруктуу

   комиссияларынын торагаларына тапшырылсын.

 

Кок-Жангак шаардык

кенешинин торагасы:                                                                        Б.М.Исмаилов

 

 

Просмотров: 420 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2014  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0