15. Шаардык чогулуштар
15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, шаардык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же шаардын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3. Шаардык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген шаардык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4. Шаардык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат..
16. Шаардык чогулуштарда каралуучу маселелер
Шаардык чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат:
- жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
- Шаардын аймагын өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
- шаардын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;
- шаардык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;
- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
- шаардык кеңештин депутаттарынын, шаардын мэринин бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
- шаар аймагынын территорияларынын чектеринде шаар аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаар аймагын, кварталдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17. Шаардык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
Шаардык чогулуштар шаардын мэри, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар шаардын мэри, шаардык кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
18. Шаардык чогулуштарды өткөрүү демилгеси
18.1. Шаардык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), шаардык кеңештин депутаттары, шаардын мэри, шаардык кеңеш боло алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаардык чогулушту өткөрүү боюнча саны 9 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
(Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет).
18.3. Эгерде демилгелүү топ, шаардык кеңештин депутаттары шаардык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттершаардын мэрине, шаардык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча шаардык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4. Эгерде шаардын мэри, шаардык кеңеш же болбосо анын төрагасы шаардык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, шаардык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, шаардын мэри, шаардык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
19. Шаардык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
19.1. Шаардык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- шаардык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
- иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, шаар аймактын);
- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);
- демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.
19.2. Кайрылуу шаардын мэри же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде каралат, тактоо керектелген учурда арыз 30 к\нгъ узартылышы м\мк\н.
19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардын мэри шаардык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда шаардын мэри шаардык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4. Шаардын мэри шаардык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда шаардык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:
- ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
- аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.
Шаардын мэри шаардык кеңештин төрагасынын шаардык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20. Шаардык чогулушту уюштуруунун тартиби
20.1. Шаардык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
- иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
- шаардык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (мэриянын чечими, шаардык кеңештин токтому);
- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2. Шаардык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.
20.3.шаардын мэри шаардык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
- чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен шаардык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, кондоминиумдардын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;
- шаардык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, кондоминиумдардын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;
- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);
- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
- чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
- иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
21. Шаардык чогулушту өткөрүүнүн тартиби
21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.
21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.
21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сөйлөөлөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жана\же сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып отругандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21.11. Эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, кондоминиумдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 10 пайызы катышса, же шаардык чогулушка чакырылгандардын 5 пайызы катышса, шаардык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет. (Шаардык чогулуштун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
21.12. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, кондоминиумдардын) жашоочуларынын, же шаардык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
22. Коомдук угуулар
22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.
22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
- ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө,мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (шаардык мэрияга) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын 70 кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
23. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин шаардык мэрия төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.
Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;
- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана жана даярдоо жүргүзүлөт;
- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;
- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;
- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча мэриянын аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;
- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, мэриянын аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;
- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.
Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:
- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);\
- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;
- чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;
- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:
- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
- сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:
- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;
- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
23.2. Шаардык мэрия коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда шаардык мэрия оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
24. Жергиликтүү жамааттын шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу
24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаардык аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3. Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил жана башка жумушчу топтор аркылуу шаардык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процессин карайт.
24.4. Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн шаардык мэрия демилге көтөрүү менен шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
- маалыматтарды жыйноо жана шаардагы кырдаалды иликтөө;
- шаардын көйгөйлөрүн аныктоо;
- шаардын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;
- биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
- биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;
- шаардык чогулуштарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;
- жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;
- биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу;
- биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;
- шаардык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.
24.5. шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери.
25. Шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор
25.1. Шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, айылдын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышат.
25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
- мэриянын аппаратынын кызматкерлери;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.
25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- гендердик теңдемди сактоо;
- шаардык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;
- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;
- шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;
- демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.
25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.
25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
- демилгелүү топтун жумушун координациялоого;
- демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;
- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..
25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардык аймактын өнүгүү пландарын, анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б. иштеп чыгууга катышууга;
- окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин шаардын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
- тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
- жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;
- долбоорлорду/биргелешкен аракеттирдин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
- шаардык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;
- зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
26. Шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана биргелешкен аракеттердин планын бекитүү
26.1. Шаар муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн шаардык мэрия шаардык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
- артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
- биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
- артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жалпы талкуулоо үчүн шаардык чогулушка (жыйналышка) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
- биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
- биргелешкен аракеттирдин планын ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
26.2. Шаардык мэрия жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча шаардык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
- шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
- табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын;
- тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;
- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3. Шаардык чогулушта демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин шаардык чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны шаардык мэриянын чечими (же шаардык кеңештин токтому) менен бекитилет. Бул маалымат шаар маалыматтык тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет.
26.4. Кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен шаардык каржы бөлүмү тарабынан түзүлөт.
26.5. Шаар мэрия биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун шаардык кеңеш менен макулдашат жана финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсүнө берет. Финансы министрлиги шаардык мэрияга жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн шаардык кеңешке берет.
26.6. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жалпы талкуулоо үчүн бюджеттик угууга киргизилет, андан соӊ кийин ачык жана айкын шаардык кеңештин сессиясында каралат. Жергиликтүү бюджет жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын карап чыккандан кийин шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. шаардык кеңештин тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.
26.7. Шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгылган жана бекитилген учурда шаардык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин жергиликтүү бюджетке тийиштүү тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар менен шаардык мэрия биргелешкен аракеттердин планын шаардык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына киргизүүгө укуктуу.
26.8. Бюджет боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын өзүнүн отурумунда карайт жана биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу (же чечими) менен шаардык кеңештин отурумуна киргизет.
26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо шаардык кеңеш биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
27. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
27.1. Шаардын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- шаардык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн шаардык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Шаардык кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына шаардык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
- шаардык мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
- тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана;
- шаардык аймактын өнүгүү пландарын (анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б.);
- жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
- жумуштун планын (графигин) бекитет;
- сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;
- жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;
- документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;
- демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;
- демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө шаардык мэрияны, шаардык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;
- пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.
27.7. Шаардык мэрия ушул Уставдын 27.1.-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.
28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу квартал комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.
28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
29. Муниципалдык менчик
29.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:
- объектти сыпаттап жазуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
- объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;
- объекттердин бааланган наркы;
- мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.
29.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
30. Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби
30.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин финансылык жактан камсыз кылуу үчүн багытталган шаардык аймактын жергиликтүү жамаатынын бюджети. Жергиликтүү бюджет шаардык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну шаардык мэрия жана каржы болуму жүзөгө ашырат.
30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:
- жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;
- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.
30.3.Шаардык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, шаардык мэриядан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4. Шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана шаардык мэриянын отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту шаардык кеңештин сессиясына берет.
30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
30.6. Шаардык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7. Шаардык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу шаардык мэриянын отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
VI. Корутунду жоболор
31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- Ардак грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү квартал” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү;
- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
- “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу;
-“Көк-Жаңгак шаарынын үлгүлүү энеси” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси шаардын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, квартал торагасына, шаардын мэрине, шаардык кеңештин депутаттарына, шаардык кеңештин төрагасына таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү квартал” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаардын мэри тарабынан кабыл алынат;
- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу”, “Көк-Жаңгак шаарынын үгүлүү энеси” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим сунуштамасы шаардык мэрия жана шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
31.3. “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамдары болуп саналат, ал шаардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн шаардык кеңешинин чечими менен берилет. Шаардык кеңеш “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
32. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
33. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана
өзгөртүүнүн тартиби
33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаардын мэринин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- шаардык кеңештин төрагасы;
- шаардын мэри;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаардык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаардык аймакта иш алып барган уюмдар).
(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же шаардык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана шаардык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык мэрия уюштурат.
33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле шаардык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5. Шаардын мэри Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин шаардык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
33.6. Шаардык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
33.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды шаардык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жыйналыштардын (чогулуштардын, курултайдын), жарандардын топторунун же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес шаардык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.
33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы шаардык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү басма сөздө расмий жарыяланган же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу шаардык кеңештин токтому Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
Көк-Жаңгак
шаарынын мэри- У.Исмаилов
|