Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ 11/1
12.01.2022 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме-ишканалардын
2021-жылы аткарган иштери боюнча
маалыматтарын угуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме- ишканалардын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн 2021-жылы даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрду иликтеп билүү жана ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо жөнүндө жасаган иштери боюнча адиси А.Асанованын маалыматы эске алынсын.
3.Көк-Жаңгак участкасынын электр тармактары ишканасынын 2021-жылы аткарган иштери боюнча жетекчиси А.Курбанкуловдун маалыматы эске алынсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ 11/2
12.01.2022 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
2022-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин 2022-жылдын иш-планын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2022-жылга койгон иш-планы
толуктоолорду киргизүү менен бекитилсин.
(Иш-план тиркелет).
2.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ 11/3
12.01.2022-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 29.12.2021-ж.
№10/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарындагы К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Жалал-Абал областык өнүктүрүү фонду аркылуу 50% жана Сузак райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 50%, карала турган долбоордун өздүк салымын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 700 000 (жети жүз миң) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 350 000 (Үч жүз элүү миң) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 350 000 (Үч жүз элүү миң) сом каралсын.
2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ 11/4
12.01.2022-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 29.12.2021-ж.
№10/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарындагы М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Сузак райондук өнүктүрүү фонду аркылуу карала турган долбоордун өздүк салымын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 700 000 (жети жүз миң) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 300 000 (Үч жүз миң) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 400 000 (жети жүз миң) сом каралсын.
2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|