Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:48 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2014 » Ноябрь » 18 » 11,12 сессия
12:15 PM
11,12 сессия

         

      КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                  КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

       ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                  ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

               СУЗАК РАЙОНУ                                             СУЗАКСКИЙ РАЙОН

    КӨК-ЖАҢГАК  ШААРДЫК                                 КОК-ЖАНГАКСКИЙ ГОРОДСКОЙ

           КЕНЕШИ                                                                           КЕНЕШ  

 

Көк-Жаңгак шаардык кенешинин

(VI чакырылышы)  ХI сессиясы

ТОКТОМ 11/1

 

07.10.2014-жыл                                                                                 Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2014-жылдын

бюджетинин 9 айынын аткарылышы жөнүндө

 

 

             Көк-Жаңгак шаардык кенешинин депутаттары 2014-жылдын 9 айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча  шаардын мэри Ж.Юсуповдун жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышын каржы бөлүмүнун  башчысы Ж.Эргашовдун  отчетторун  угуп, талкуулап Кок-Жаңгак шаардык кенешинин ХI сессиясы

Токтом кылат:

 

1.2014 жылдын 9 айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча шаардын мэри Ж.Юсуповдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2.2014-жылдын 9 айынын шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча Көк-Жаңгак шаардык каржы бөлүмүнун башчысы  Ж.Эргашевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.

3.2014-жылы каржы министрлигинен жетишпей калган акча каражатын өндүрүү  жана толугу менен түшүрүү жагы  шаардын мэри   Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнун жетекчиси Ж.Эргашевго милдеттендирилсин.

4.Шаардын бюджетине транспорт салыгы, там арка салыгы, «Барчын» балдар эс алуу борборунан түшө турган ижара акысы, муниципалдык менчиктен түшкон ижара акысы, Мегаком  жана Билайн компаниялардан түшкөн ижара акысы кошумча акча каражатын түшүрүү жана аткаруу жагы шаардын мэрии Ж.Юсуповго жана салык боюнча башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

6.Ушул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жангак шаардык

кенешинин төрагасы:                                                   Б.М.Исмаилов

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                               КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

       ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                               ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

               СУЗАК РАЙОНУ                                                СУЗАКСКИЙ РАЙОН

    КӨК-ЖАҢГАК  ШААРДЫК                                 КОК-ЖАНГАКСКИЙ ГОРОДСКОЙ

                  КЕНЕШИ                                                                     КЕНЕШ  

 

Көк-Жаңгак шаардык кенешинин

(VI чакырылышы)  кезексиз ХII сессиясы

ТОКТОМ 12/ 1

 

11.11.2014-жыл                                                                                 Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер

борборуна Насырова Райля Насыровнанын

атын коюу жөнүндө

 

 

             Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер борборунун кайрылуусун  карап , талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин  кезексиз ХII сессиясы

 

Токтом кылат :

 

1.Көк-Жаңгак шаардык   жалпы дарыгерлер борборуна Насырова Райля Насыровнанын аты коюлсун.

2.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер борбору Насырова Райля Насыровна атындагы жалпы  дарыгерлер борбору деп жактырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышы жалпы дарыгерлер борборунун дарыгери Р.Сулеймановага жана профсоюз комитетинин торайымы Г.Алимбаевага жүктөлсүн.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу  комиссияга  милдеттендирилсин.

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кок-Жаңгак шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                   Б.М.Исмаилов

     

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                         КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

       ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                      ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

               СУЗАК РАЙОНУ                                   СУЗАКСКИЙ РАЙОН

    КӨК-ЖАҢГАК  ШААРДЫК                      КОК-ЖАНГАКСКИЙ ГОРОДСКОЙ

                  КЕНЕШИ                                                                 КЕНЕШ  

 

Көк-Жаңгак шаардык кенешинин

(VI чакырылышы) кезексиз  ХII сессиясы

ТОКТОМ 12/ 2

 

11.11.2014 жыл                                                                                 Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин бюджет,

финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу

комиссиясынын 28.10.2014-жылдагы протоколунун

негизинде бюджеттик мекеме ишканаларга акча каражатын бөлүп

берүү жөнүндө

 

 

             Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселер боюнча туруктуу комиссиясынын 28.10.2014 жылдагы жыйынынын чечиминин негизинде  2014- жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен пландан сырткары кошумча салык жана салык эмес жыйындардан ашыкча түшкөн акча каражатын бюджеттик мекеме ишканаларга бөлүп берүү жөнүндө карап, талкуулап  Кок-Жаңгак шаардык кенешинин кезексиз ХII сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын №3 «Байчечекей» балдар бакчасынын сыртына ажааткана курулуп жаткандагына байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100,0 (Жуз мин) сом акча каражаты берилсин.

2. Тамак ашка төлөнгөн ата-энелер төлөмүнүн көбөйүүсүнүн натыйжасында түшкөн кошумча  180,0 мин сом  акча каражаты шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын төлөмдөрүнүн кошумча планына киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы  шаардын каржы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашовго милдеттендирилсин жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана  чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кенештин бюджет, финансы жана салык масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кенешинин төрагасы:                                        Б.М.Исмаилов

 

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 262 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Ноябрь 2014  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0