Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:08 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Декабрь » 31 » 10-сессиянын 10/1-10/2 токтомдору
8:13 AM
10-сессиянын 10/1-10/2 токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

 (VIII чакырылыштагы)  кезексиз  Х сессиясы

ТОКТОМ 10/1

29.12.2021-жыл                                      Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 29.12.2021ж.                 

    №1-12/999 кайрылуу каты  жөнүндө

               Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 29.12.2021-жылдагы № 1-12/999  кайрылуу катынын негизинде  Көк-Жаңгак шаарындагы К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган  долбоордун 18,2% түзгөн өздүк салымын  2022-жылдын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 665 390 (алты жүз алтымыш беш миң үч жүз токсон) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып,  (VIII чакырылыштагы) кезексиз Х сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган   Көк-Жаңгак шаарынын К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 350 000 (Үч жүз элүү миң) сом   жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 315 390 (үч жүз он беш миң үч жүз токсон) сом каралсын.

2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго  жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин   Көк-Жаңгак башкармалыгынын  жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                З.Байдавлетов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын

 (VIII чакырылыштагы)  кезексиз  Х сессиясы

ТОКТОМ 10/2

29.12.2021-жыл                                                Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 29.12.2021ж.                                   

№1-12/1000 кайрылуу каты  жөнүндө

               Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 29.12.2021-жылдагы № 1-12/1000  кайрылуу катынын негизинде  Көк-Жаңгак шаарындагы М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган  долбоордун 17,7% түзгөн өздүк салымын  2022-жылдын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 643 595 (алты жүз кырк үч миң беш жүз токсон беш) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып,  (VIII чакырылыштагы) кезексиз Х сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган   Көк-Жаңгак шаарынын М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 300 000 (Үч жүз миң) сом   жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 343 595 (үч жүз кырк үч миң беш жүз токсон беш) сом каралсын.

2.Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго  жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин   Көк-Жаңгак башкармалыгынын  жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                            З.Байдавлетов

Просмотров: 46 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 7
Гостей: 7
Пользователей: 0